September 15

Кошулма дин жана Курандагы дин

1-бөлүм. Диндин булагы эмне?

Дин жөнүндөгү тартышуулар ММКда болсун, же эл арасында болсун, үзгүлтүксүз жаңыланып турат. Бул тартышууларда ким ак-ким аксыз, кимдин далили туура жана күчтүү экенин кандай аныкташ мүмкүн? Эмне үчүн бир гана дин атынан эки-үч жана кээде андан да көбүраак өкүмдөр алга сүрүлөт? Аллах тарабынан түшүрүлгөн дин менен инсандар тарабынан ойлоп чыгарылган дин өзараа кандай айырмаланат?
“Aрабтар” жөнүндө Куран эмне дейт? 132 / Макул, Сиз кайсыл диндесиз? 134/ Ойлоп чыгарылган Маҳдий мисалы. 1979, Мекке баскыны 135 / Маҳдийни күттүрүп, деген макалалары бар болгон колуңуздагы китеп ушул суроолорго жооп табуу жана бул темадагы каршылаштарга чекит коюу үчүн жазылган. Китептин биринчи негиз ташы жана жооп табылуусу шерт болгон эң маанилүү суроосу – «Диндин булагы эмне?» суроосу эле. Ушул суроого бериле турган жооп, калган баардык жоопторду да белгилейт. Китеп беттеринде көрүлүшү сыяктуу, дин атынан ортого таштала турган айырмалуу пикирлердин негиз булагы, мына ушул суроого бериле турган айырмалуу жооптор болот. «Диндин булагы эмне?» суроосуна анык жана чечкиндүүлүк менен жооп бербей туруп, диний тартышууларга киришүү жана ар бир суроого бирме-бир, динди түшүнүштөгү негиз ыкманы (методологияны) белгилебей туруп, жооп берүүгө тырышуу, ММКдагы жана эл арасындагы диний тартышууларда көрүп жатканыбыздай башы жабык көчөнүн биринчи себеби туру.
«Диндин булагы эмне?» суроосуна бериле турган жооп, биздин динди түшунүштөгү ыкмабыздын негизин белгилеп берет. Бул суроого жооп бербей туруп, диний тартышууларга кирүүчүлөр, ыкмасыз бир таризде динди түшүнүшкө умтулуучулар дегени болот. Мындай кишилердин бир суроого Курандан, бир суроого хадистер топтомунан, бир суроого өз дүйнөтаанымынан, бир суроого бир мазхабдан, башка бир суроого башка бир мазхабдан жооп берип жатканын көрүп жатабыз. Өз диниге методсуз таризде жандашуучулар акыры-акибетте, өз арзуу-каалоосу, жана өз адашууларын диндештирүүгө дуушар болушкан. Бул кишилердин алга сүргөн пикирлери соо бир логикага таянбаганы улам, бул көрүштөрдү уккан кишилер, бул пикирлердин себеби жана булагынан бейкабар кишилер. Ошонун үчүн, динди түшүнүштөгү методду белгилөө, жана алгач «Диндин булагы эмне?» суроосуна жооп берүү, дин атынан пайда кылынган челкемдиктерге чекит коюунун эң маанилүү шерти болот.
Дин – Аллах тарабынан инсандарга жиберилген бир жашоо системаси турат. Ушундай экен, «Диндин булагы эмне?» суроосу – Аллахтын амирлери жана сунуштарын туура баамдашыбыз үчүн да өз жообун табуусу керек. Диндин булагы бир, бир гана Куранбы? Же Курандын жанында хадистер деле дин булагыбы? Мазхабтар динде булак боло алабы? Тарыйкаттар жана бул тарыйкаттардагы шейх жана пирлер кандай баалануусу керек, алардын динде бирер орду барбы? Мына ушул сыяктуу суроолордун баардыгына ушул китепте жооп издейбиз, жана бүгүнкө чейин берилген жаңылыш жооптор динди баамдашта жаңылыш методко себеп болгонун, жаңылыш метод болсо диндеги кошулмаларга себеп экенин көрсөтүшкө умтулабыз.
Бул китепти окуп болгондон кийин, сизге бир «тест» өткөрүүнү сунуштайбыз: диний темаларда баян кылуучу же тартышуучу кишилерге суроо берип, динди түшүнүштөгү биринчи ыкмаларын сураңыз , алардан «Диндин булагы эмне?» суроосуна анык жооп алыңыз; анан бул кишилердин өз жооптору (метоттору) менен өз амалдарының канчалыкта каршы жана челкем экенин көрөсүз. Бир гана мына ушул тесттын өзү эле, дин жөнүндө «авторитет» деп тартуулангандардын, чындыгында өз ички жактарында канчалык челкем жана каршылаштарга кабылгандарынын жүзүн ачышыңыз үчүн жетиштүү болот.
Коомдо, диний темаларда сүйлөөчү кишилер сыяктуу, өздөрү жактагандары методтор менен турмуштагы кириткендери өзараа челкем жана каршы болгон кишилерге да көңүл буруңуз. этимал, бул кишилердин амалдарына карап, чыныгы диний ишенимдерин баамдоо жетиш кыйын болор. Мисалы, «Диндин булагы эмне?» суроосуна бере турган жооптору, чындыгында Ооганыстандагы Талиптер сыяктуу турмуш таризин талап кылуучу бул инсандар эмнегедир талиптерге жакын да келбестиги мүмкүн. Бундай кишилер, жактаган назариясы жана амалият (илим жана амал) арасында эң чоң айырма болгон кишилер. Баса ушуну да белгилеп коюш керектиги, бундай кишилер Ислам дүйнөсүндө кичинекей бир азчылыкты эмес, балки үммөттүн көбүнчө көпчүлүгүн түзүшөт.
Максатыбыз, метод жана назария дегенибиз негизди туура куруу жана бул акыбалда турмуш таризи жана ишеним арасындагы айырмаларды жоюу болот. Соо, Сабит жана туура бир метод менен динди баамдоо аркылуу, жашоо таризини теория жана методдон айырбаган бир жандашуу аркылуу рационал, логикалык жана туура бир натыйжага жетишүү мүмкүн.
Булардың баардыгына алып баруучу жол болсо алгач «Диндин булагы эмне?» суроосуна туура жооп берүү, жана бул жоопко ылайыктуу турмуш таризинде жашаштан турат. Аллах тарабынан жиберилген системанын ар кандай адаштыруулардан, жаман ой менен пайдалануудан сакташтын бир гана айласы да мына ушул болот. Анткени Диндин чыныгы булагы менен жасалма булагын ажыратуунун эң биринчи вазыйпасы сыпатында көрүүчү ыкмабыз, чындыгында Аллахтан келген жана инсандан болгонду айыруу маанисиге келет. Бул методдогу туруктуулук, Аллахтан келгенди (Диндин булагын) инсандан болгон менен (ойлоп чыгарылган дин булагын) аралаштырып, дин деп (Аллахтың системасы деп) тартуулашка умтулуп жаткандар каршысында тартылган тоскоол болот.

Дин тарыхы – акыл жана тууроо күрөшүүсү.

Ар бир келген Пайгамбар өз доорундагы баш ишеним жана адаттарга күмөн жана суроо астына алган, Аллахтын диниге каршы салт жана үрптөргө каршы чыгышкан эле. Куран аяттарын жакшылап, көңүл буруп үйрөнгөн окуучу ушуну, т.а. пайгамбарлар дайым инсандарды ой жүгүртүү жана акыл иштетүү аркылуу Аллахтын динине жана инсан фитратына каршы болгон мыйзамдарга каршы баш көтөрүү пайда кылган эле жана ага баш болгондорду көрүш мүмкүн.
Куран инсандарды Аллахтың жердеги, асмандагы жана алардын арасындагы белги жана далилдерин үйрөнүшкө, алар жөнүндө акыл жана ой жүгүртүшкө чакырат. Куранга каршы чыгуучулар болсо өз ата-бабаларынан калган динге, б.а. салттарга боолук болушкан жана алар жөнүндө баш да оорутушпайт. Тарых боюнча пайгамбарлардын «акылды калчабайсыңарбы?!» чакыруусуна каршы чыккан эң биринчи душманы – карама-каршы келген акылдык далилдер эмес, балким урпактардан калган салттар болгон. Көпчүлүк кишилерге акылды калчаштан, акты издөө жана бул жолдогу жандуу жана акылий мээнеттен көрө көпчүлүк арасында жайгын болгон системага, б.а. ата-бабалардан калган жашоо таризине караганда тууроочулук кылуу оңой эле турат, коопсузраак жана бир мунча жеңилирээк келет. Тарых боюнча дин дайым акыл калчаганга чакырып келген, динге каршы кишилер болсо тескерисинче көр-сокур болуп өз салттарын, т.а. коргоочулукту жактап келишкен. Көрүмсүз болгон бир тескериликке карап көрсөңүз, бүгүнкү доордо келип, ошол коргоочулук жана салттуулук, диндарлык маанисинде иштетиле турган болгон.
Курандын үйрөткөн динге көрө, вахий жана акыл инсандардын кыймыл-аракеттерин багынтыруусу керек. Салттар, көпчүлүк тарабынан кабыл кылынып жаткан болсо деле, Эгер вахийдин жана акылдын тасдыгынан өтпөгөн болсо, инсан жашоосуна башчылык кылуусу мүмкүн эмес. Далил ордуна ата-бабаларынан көргөнүн өз жашоолорунун негизи кылып алгандарга биз, Курандын төмөнкүдөгү аяттарын окушту сунуштайбыз:
31-Лукман сүрөсү:21, 14-Ибрахим сүрөсү:10, 11-Хууд сүрөсү:62,109, 5-Мааида сүрөсү:104, 7-Арааф сүрөсү:28.
«Же аларга мындан мурун бир китеп берип, ошого таянып жатышабы? Тескерисинче, алар: «Ата-бабарыбызды бир жол үстүндө таптык. Чындыгында биз да алардын издерине түшүп, туура жол табабыз», – дешет. Ошентип, сенден мурун бир айылга пайгамбар жиберсек, алардын мансаптуулары: «Ата-бабаларыбызды бир жол үстүндө таптык. Чындыгында биз да алардын издеринен ээрчигенбиз,– деди». (43-Зухруф сүрөсү:21-24)
Куран аяттарынан бул көргөнүбүз, көпчүлүктө же бүтүн коомдо баш болгон пикир артынан ээрчүү, инсандарды акыйкатка жеткирбейт тура. Бүгүн инсандар динди мисалы бир салтга айлантырышкан, дин атынан айтылып жаткан сөздөрдү оң-терсине ажыратпастан, бул кептердин деги динге алақасы барбы-жокпу, текшербестен, баардык ушундай деп жатат го өлчөөсү менен, же баланча шейх же түгүнчө пир айтты деп эле кабыл кылып жаткандарын көрүп жатабыз. Зухруф сүрөсүнөн келтиргенибиз бул 21-аятты, даана ошол – Китепке таянбастан, дин атынан ойдон чыгарылгандардын, кошулмалардын – жараксыз экенин айтып жатат. Аяттардын уландысы болсо ата-бабаларынан калган саркыттын кандай кылып Аллахтын китебинен үстүнраак жана ыйыграак кылынганын көрсөтүп жатат.
«Билбегениңдин артынан ээрчибегин. Акыйкатта кулак, көз жана жүрөк, мунун баары жооп берүүгө тартылат» (17-Исраа сүрөсү:36)
«сөсүз кулак салып, анын эң жакшысын ээрчий тургандар, мына ошолор – Аллах туура жолго салгандар. Дал мына ошолор – акыл ээлери» (39-Зумар сүрөсү:18)
Дин атынан ойлоп чыгарылган пикирлер каршыбызга чыкканда, аларды бул аяттардын багынты аркылуу көрүп чыгышыбыз керек. Дин атынан айтылган ар кандай сөз эмнеге таянууда, кимдин пайдасына кызмат кылууда, деп текшеришибиз керек. Ушул китептин 2-бөлүмүндө Диндин булагы бир эле Куран экенине Куран аяттарынын өзүнөн далилдер келтиребиз.
Ушул орунда биз момундарга, алгач кыялдарда бир дин пайда кылып, соң бул динге аргасыз өңдүү жолдор менен Курандан далилдер издешти эмес, тетирисинче бул таза жана аруу диндин баардык далилин туурадан-туура Курандан алышты насаат кылмакчыбыз.
Китептин кийинки бөлүмдөрүндө болсо, жыйналган хадис чыгармалары аттуу, ичинде туура жана ийрини ажыратып болбос даражада аралаш-чаташ болгон, Пайгамбарыбыздың айтканы ырастоолонгон риваяттардын маанилүү бир бөлүгү чындыгында Куранга, башка риваяттарга, соо акыл жана мантыкка канчалык каршы келүүсүн, бул риваяттардын эмнеге жана кандай ойдон чыгарылганын үйрөнүп чыгабыз. «Хадистер дин булагы эмес» деш – Бул эч качан Пайгамбарга акаарат эмес, балким, тескерисинче, Пайгамбар абройун доомат жана жалаалардан коргоо экенин көрөбүз. Бул бөлүмдөрдү окуганыңызда, сизден жогоруда келтиргенибиз Исраа сүрөсүнүн 36-аятын унутпастыкты, азыркы диний ишеним жана пикирлериңизди кайта карап чыгышыңызды; Зумар сүрөсүнүн 18-аятын эсга алуу менен, эң жакшы қаулга жетишүү үчүн алгач угуу керек экенин эсте тутушту; Зухруф сүрөсү 21-24-аяттарды эске алуу менен, бар болгон қалып жана қабылдарды, көпчүлүктүн ээрчигени салт жана адаттарды суроо астына алышты; ээ болгон диниңизди ата-бабалардан калган өлчөмдөргө көрө эмес, балким диндин бир гана ээси болгон Аллахтын соңку Келмесине, «муттақийлер үчүн ҳидаят булагы» болгон Куранга көрө түзүүнү сунуштайбыз.

Куран эч качан акылга каршы келбейт.

«Чынында, Аллахтын алдында жандуулардын эң жаманы акыл калчабаган дүлөйлөр жана дудуктар» (8-Анфал сүрөсү:22)
«Ал акыл жүгүртпөгөндөрдү жазага тартат» (10-Юнус сүрөсү:100)
Аллахтың жолу акыл жана выждан (ынсап) жолу. Аллахтын сүйбөй турган жанзат түрү бул акыйкатка каршы дулой болуп алган жана акылын жүгүртпөй турган инсан нускалары тура. Бундай нускалар Аллахтын, башка жанзаттардан үстөмдүк сыпатында бергени ушул акылды иштетпегени улам, Аллахтын сан-санаксыз далилин көрбөй өтүшөт. Курандагы динди баамдабаган тайпалар динди курук догма жана бидаттар динине айлантырып, амал кылуу же ичинен чыгуу тап-такыр мүмкүнчүлүксүз болгон башы берк система алына келтиришкен. Бул менен жүз миллион деген инсанды динден тажатуу, жүдөтүү, алыстатуу, жана ал тургай динден кечип жибериштерине себеп болушкан. Курандагы Исламды бул ойлоп чыгарылган динден, бул кыйындаштырылган, мантыксыздаштырылган динден ажыратуу ушул себептен да өтө маанилүү. Ушул жол менен, Курандагы Ислам, үстүндөгү жүктөрдөн, кошумчалардан, азайтуулардан куткарылынат, жана Куран менен Исламдан суутулган жана тажатылган калайык өз диниге кайра бириге алат.
«Биз силерге насааты бар Китепти жөнөттүк. Акыл калчабайсыңарбы?» (21-Анбийа сүрөсү:10)
Динди бир катуу жана байыркы жашоо таризи сыяктуу тартуулаган Талибан, Ирандагы молдолор режиминин деле себепчиси, Куранды диндин булагы деп жетиштүү көрбөй турган түшүнүктөр болот.
Бул түшүнүктөр кошулма түшүнтүрмөлөрдү да, өз имамдары жана молдолорун деле, шейхтерин деле дин булагы кылып ала берет, Куранга тескери болсо да, динге кошумчалар киритип, ойлоп чыгарылган диндери үстүнө курулган социал-саясий тизмектер жаратып, буну исламий түзүлүш деп санашат. Үстүнө үстөк, өздөрүн «Диндин бир гана тамсилчиси» деюучу бул түшүнүк ээлери, өздөрүнөн ташкары баардыкты динсиз санап, такфир кылышат.

Бул китептин максаты.

Бул китептин максаты, ушул кошулма каттамалардын баардыгын бетин ачып таштоо аркылуу, чыныгы дин бир эле Курандагы дин экенин, Курандан ташкары эч бир мазхаб, пир-уу шейх жана эч бир бүтүм динде эч бир кошумча жана эч бир кемитүү пайда кыла албастыгын көрсөтүш эле.
Диндин түпкү фундаменти бул – инсан. Инсанды жашоо жана өзү менен айырмага түшүрүштүн акибети болсо зыяндуулук. Чыныгы Исламда бундай айырма жок, «Ойлоп чыгарылган дин» болсо, көрүнүп турганы сыяктуу, ихтилаф жана мантықсыздык(логикасыздык) очогунан туру. Аллах Бул динди инсан жаратылышынын асылына (фитратына) жараша ылайыктуу бир система сыпатында тааныткан, ушундай экен, Бул дин инсан фитратына жана инсанга берилген эң улуу неймат болгон акылга каршы келүүсү да эч качан мүмкүн эмес.
«берилген, таза абалда жүзүңдү динге түздө. Аллах адамдарды ошого арнап жараткан. Аллахтын жараткан нерселеринде өзгөрүү болбойт. Ушу – туура, түз дин . Бирок, адамдардын көбү билишпейт» (Рум:30)
Дин атынан Өкүм коюучу бир гана зат – Аллах. Аллах Өз рисалатын Куран каражатында инсанларга кемтиксиз, ихтилафсыз, айкын, толук жана ачык шекилде жиберген. Биздин бул маселедеги жандашуубуз, Куран аяттарын диндин бир гана булагы деп билип, Куранда түшүнтүрүлгөнү шекилде Исламды кабыл кылуу; Аллахтан башка эч кимди өкүм коюучу сыпатында кабыл этпестик болот. Бул жандашуу, Аллахтан башка ар кандай «динде Өкүм» чыгаруучунун колунан жасалма өкүлдүктөрүн алып таштап, диндин бир гана ээси Аллахка эч кимди өкүмдө шерик кылбастыкты талап кылат. Куранды инсанларга жеткирген, биринчи мусулмандарды бир жамаатка бирлештирген, өзү деле диний темаларда жалгыз Куранга ээрчиген Пайгамбар да, Курандан ташкары эч кандай диний булакты инсандарга тартуулабаган, жаздырбаган жана үйрөтпөгөн. Пайгамбар айтты деп ырастоолонгон сөздөр Куранга каршы келсе, динге кошумча қошсо же кемитсе, Бул сөз даана убакта динге деле, бул динди таблиғ эткен Пайгамбарга карата деле жалаа болот.
Китептин кийинки бөлүмдөрүндө Араб, Уммавит (Омеяд), Аббасит салт жана үрп-адаттарын, кошулма түшүнтүрмөларүн, тарыхтын бир дооруна гана таандык чечимдерин, өзүн жеке көз караштарын динге тыктырган, Куранда болбогон түшүнтүрмөлөр менен динди (айрыкча амалий тарабын) толтурган түшүнүк менен таанышабыз. Бул мааниде Диндин булагы сыпатында эмнеге бир гана Куранды таан алуу керектиги, Куранда келбеген маселелер эмнеге Исламдын универсал өкүмдөрү боло албастыгын баамдайбыз. Ошону менен бирге, динден саналган бир катар маселелердин Курандан орун албаганы улам диний мазмун жана кыймат ташыбастыгын үйрөнөбүз. Башкача кылып айтганда, Куранга кайтып, динибизди жаңыттан тааныйбыз. Биз – ушбу китеп авторлору – Дин деп тартууланган ойдон чыгарылган риваят жана мазхабчы ачыктамалар сыяктуу элементтердин, инсандарды динден тажатышына жооп кылып, өз билим жана тажрыйбаларыбызды топтоп бир китеп шекилине келтирүүнү мойнубуздагы бир важибат (милдеттүү) деп билген Куран талабаларыбыз. Бул китепти сындуу логика менен окушту сунуштайбыз. Ар кандай тууранын жана ак диндин бир гана булагы – Аллахтын Китеби болот. бул жердеги пикирлерибиз деле Куранга эле ылайык келгени өлчөмдө гана туура. Мына ошол изилдөөбүздөн көздөнгөн максат, мусулмандарды Курансыздыктан кутқарышка умтулган, жана салттар, тууроо, бидаттар жана баш санына көрө дин тутуу акибетинде акылдарга салынган чынжырларды талкалоо. Ушул китеп, Исламды Куранда түшүнтүрүлгөнүдөй баамдоо жолунда кичине болсо да салым кошо алса, өз максатына жетишкен эсептелинет.

2-бөлүм. КУРАН АЯТТАРЫНА КӨРӨ ДИН

Этимал, дин атынан ойлоп чыгарылган дин менен Куранда түшүнтүрүлгөн дин арасында кандай айырмалар бар? деген суроо пайда болгондур сизде. Эмики бөлүмдөрдө «Курандагы Ислам» менен «Салтуу Ислам» арасындагы айырмаларды толугунча көрүп чыгабыз. Бул айырмалардын бетин ачыш үчүн болсо алгач диндин булагын аныктап алышыбыз керек болот.

ДИНДИН БУЛАГЫН БЕЛГИЛӨӨ.

Куран – Диндин бир гана булагы, дегенибизден соң, динге таандык баардык суроого жооп жана далил Курандан изделинет. Мисалы, бир киши бизге «арамдык-саламдык» делинген аялдардын эркектерден ажрыатылуусу динде барбы? деп сураса, буну Курандан текширебиз, жана албетте, Куранда бундай бир тыюунун жоктугу улам, «динде «арамдык-саламдык» сыяктуу тыюу жок» деп жооп беребиз. Ал эми, салтты динге айлантыргандар, динди Курандан эмес, тескерисинче фикх китептеринен, шейхтериниң жана кошулмалар толо болгон хадис китептеринен үйрөнүшөт, жана үйрөтүшөт. Курандан ташкары бул булактарга көрө болсо, арамдык-саламдык дегени – Диндин бир шерти, парызы туру. (Динди калыс Курандан үйрөнүүгө мисалдар үчүн 35,37,38-бөлүмдөргө караңыз) Буларды толугунча үйрөнгөнүбүздө, баардык проблемалардын негизинде жаткан мына бул суроо каршыбызга чыгат: «Куран диндин бир гана булагы сыпатында жетиштүүбү?»
Алгач, ушуга көңүл бурушубуз керектиги, Куран диндин бир гана булагы экени жана анда динге таандык баардык нерсе баян этилгени, Курандын өзүндө бир канча ирет билдирилген.
Буга каршы чыгуучулардын ойуна көрө болсо, Курандын жанында хадистер, мазхабтар, иштихаттар, ижмалар жана кыястар болбосо, дин кемтик болуп калат. Булардан Куран жана хадис китептери негиз булак сыпатында алынат. Биз, ушул китепте, «хадис» деп наамдалган сөздөрдүн Курандын жанында диндин экинчи булагы болбостугу менен бирге, ишеничтүү эместигин да далилдешке көбүраак этибар беребиз. Анткени хадистер Курандын жанында кошуу же азайтыруучу экинчи бир булак боло албастыгын көрсөтсөк, башка булактар өз-өзүнөн темадан ташкары калат.
Куран, салтуу исламчыларга көрө, жетишсиз. Чындыгында Курандын жетиштүүлүгүн далил кылууга бир гана китептин ушул бөлүмүндө келтиргенибиз бир гана Куран аяты эле жетиштүү болот эле. Курандын жетиштүү экенин, баардык нерсени баян эткени жана керектүү ачыктамаларды бергени, алгач Курандын өзүндө айтылган. Курандан ташкары башка булактарга иктияж болгонун айтып, Куранды жетишсиз деш, эң алгач, Курандын ошол аяттарыны инкар келуу болот. Бир гана биз «Мына ушул аяттардың өзү эле биз үчүн жетиштүү» деп калбайбыз, балки Курандын диндеги улуу макамына шерик кылынган хадистердин чоң бөлүгү канчалык каршылаштуу, логикасыз жана Пайгамбарга доомат жана жалааларга толо экенине мисалдар келтиребиз, жана динди Куран ташкарысында издөөнүн канчалык ката экенин ар тараптан көрсөтүп беребиз.

КУРАНДЫ ЖЕТИШСИЗ КӨРҮҮЧҮЛӨР.

Биз Курандан қанча көп далил келтирбейли, Куранды жетиштүү көрбөстөн, баланча мазхабтан, түгүнчө тарыйкаттан экенин айтып, пикирибизге каршы чыгуучулар баарибир табылуусуна эч күмөн жок. Хадисчилер хадис китептерисиз, фикхчылар фикх китептерисиз, тафсирчилер болсо миң-бир-хадистүү тафсир китептерисиз Исламды баамдашы мүмкүнчүлүксүз, эл бундай динге амал кыла албайт, деп айтууну уланта беришет. Бундай деюучүлөргө мына ушул суроолорду бериш керек:
«Дин баардык инсанлардын түшүнүшү үчүн түшүрүлгөнбү же үч-төрт кишиниң баамдашы үчүнбү? Пайгамбарыбыздын мазхабы бар беле? Биринчи төрт халифаның мазхабы эмне эле? Куранда Ханафий, Шафий, Алавий, Шиа, Ваххабий деген мазхабтар барбы? Куран «муттакийлерүчүн хидаят» деп өзүн (Куранды) айтабы же Бухарийлер, Муслимдер, Муватталар, хадистер, мазхабтар, муфтийлер, шейх жана пирлердиби?»
Куран аяттарын кылдаттык менен үйрөнүп, бул суроолорго жооп табайлы жана Куран Диндин бир гана булагы сыпатында жетиштүүбү-жокпу, дагы Курандан далил алалы:
«...саган ар нерсени түшүндүрүп бере турган жана мусулмандар үчүн туура жол, мээрим, кубаныч түрүндө Куранды түшүрдүк» (Нахл:89)
Көрүп турганыбыздай, Бул аятта Куран баардык нерсени түшүндүрүп бере турган, биздерди туура жолго алып баруусу айтылууда. Куран ар нерсени түшүндүрүп бере турган болсо, Бухарий жана Муслим деген булактардын, фикх жана илимикал китептеринин эмне кереги бар? Аллах баардык нерсени Куранда ар нерсени түшүндүрүп бере турганы айтып турса да, эмнеге биз алиге чейин Ханбалий, Шафий, Ханафий, Жафарий, Маликий деген мазхабтардан жардам күтүп жатабыз? Эмнеге Аллах Куранда бизди Мусулман (Аллахка таслим болгон) деп атаган экенда, а биз болсо өзүбүзгө Суннит, Шиит, Ханафит, Шафит сыяктуу ысымдар коюп, Аллахтың бергени бул ысымды жетишсиз көрүүдөбүз.

ӨКҮМ БИР ГАНА АЛЛАХТЫКЫ.

«Өкүмдарлык – бир гана Аллахка таандык. Ал Өзүнө гана ибадат кылууну буйуруган. Мына ушу – эң туура дин. Бирок, адамдардын көбү билишпейт»
(Йусуф:40)
«Ал өз өкүмүнө эч кимди шерик кылбайт. Эгеңдин Китебинен сага түшүрүлгөндөрдү окуп бергин. Анын Сөздөрүн алмаштыруучу жок»
(Кахф:26-27)

Өкүм Аллахтан башкасына тапшырылса, Бул – туура жолдон азгырылуу болот. Мазхаб иктияжтары же хадистерге таянып берилген өкүмдөр эч качан Аллахтын өкүмү эмес. Мазхабтарды динге теңдештирүү, Аллахтын Өкүм коюучу бийлигин башкага берүү дегени болот. Ал эми, Куран аяттарынан ачык көрүлгөнү сыяктуу, Өкүм маселесинде Аллахтын шериги жок. Кишилердин жеке өкүмдөрү дин боло албайт. Кахф сүрөсү 27-аятынан, Аллахтын өкүмүгө ээрчүү, бир гана Аллахтын вахыйына ээрчүү аркылуу мүмкүндүгүн баамдайбыз. Аллахтын келмелерин өзгөртүрө ала турган эч бир кудурет жок, бирок мазхабтар насх-мансух ойуну аркылуу (25-бөлүмдө бул тема бөлөк каралат), кошулма хадистер, мазхаб көрүүлөрү менен Аллахтын өкүмдөрүн өзгөртүрүүгө жалтактанышкан. (Буну кайсы ниетте жасаган болбосун, натыйжа мына ошол) Аллахтын өкүмдөрү Аллахтын вахийсы болгон Куранда жам (толук). Өкүм бир гана Аллахтыки болуусу (Йусуф:40) жана Аллах Өз өкүмүндө эч кимди шерик кылбастыгы (Кахф сүрөсү:26) үчүн Аллахтын өкүмдөрүн өз ичиге алган Куранды диндин бир гана булагы деп кабыл кылышыбыз шерт болот.
Эгер Аллахтын өкүмүн өз ичиге албаган жана Анын тарабынан жиберилбеген китептер диний өкүм булагы, (ал мазхаб фикхи болсун, же бирер шейхтын китеби болсун;) кылып алынат болсо Аллахтың Китеби менен ихтиляфка түшүүсүн билиш керек болот. Бул китептердиң Бухарий, Муслим, Абу Дауд сыяктуу наамдар менен жана мазхабтардын Ханафий, Шафий, Жафарий сыяктуу наамдары менен зикир кылынышы да, бул китеп жана мазхабтардагы өкүмдөрдүн Аллахтыкы эмес, тескерисинче бул киши жана мазхабтартыкы экенин биринчи башынан эле ат-атынан ортого коюуда.
«Акыйкатта, мен – мусулмандарданмын” – деп, Аллахка чакырып, өздөрү да жакшы иштерди жасаган адамдан жакшы сөздүү ким бар?» (Фуссилат:33)
«Сенин Эгеңдин Сөздөрү чындык жана адилеттүүлүк менен бүттү. Анын Сөздөрү өзгөртүлүүгө мүмкүн эмес. Ал – Угуучу, Көрүүчү!» (Ан’ам:115)
Аллахтын дини, Куран түшүшүнүн бүтүүсү, Пайгамбарыбыз жашоо болгон кезде эле бүтүрүлгөн. Куран жаздырылган, жатталдырылган жана башдан-акырына чейин анык булак болуп диндеги бир гана башчыбыз болгон. Пайгамбар доорунда жазылуусу тыюу салынган хадистерди кийинчерээк топтолгон китептер болсо Пайгамбардын кайтышыдан бир нече кылымдан кийин ортого чыккан.
Куран аяттарына көрө, Аллахтын сөзү бүтүрүлгөн жана өзгөргүс, бирок инсандар буга канагат кылбастан жаңы сөздөр издешет. Бул түшүнүккө көрө, дин бир эле имам Шафийнин иштихаттары, он эки имамдын бүтүмдөрү же Ханафий имамдардын түшүнтүрмөлөрү менен бүтүүсү мүмкүн.
Бул түшүнүккө көрө дин, Аллах бүтүргөн болсо да бүтпөй калган, балким бул кишилердин иштихаты, түшүнтүрмөсү жана бүтүмдөрү менен гана бүтүрүлгөн жана инсандарга жарактуу абалга келген тура. Ал тургай бул менен да канагаттанбаган салтуу Ислам коргоочулары, насх-мансух кошулмасына таянып, риваяттар каражатында Куран аяттарынын өкүмдөрүн батылга чыгарып, ордуна өз түшүнтүрмө жана хадистерини коюшкан. (Караңыз: 25- жана 26-бөлүмдөр). Ушундай кылып, Аллахтын сөздөрүн өзгөртүрө ала турган эч ким жок деген Куран аятыны бекерге чыгарышкан.

КУРАНДА БААРДЫК АЧЫКТАМА БАР.

«Мен бул Китепти ачык байандап, силерге жөнөткөн соң, Аллахдан башка бир өкүм кылуучуну издейминби?» (Ан’ам:114)
Куран, кээ бирөөлөрдүн ойлогону сыяктуу, негизги жана жалпы темаларга тийинген болуп, ачыктамаларды башка китептерге, фикхтерге, бүтүмдөргө, шейхтерге багыттабайт. Куран өзүнүн ар нерсени түшүнтүрүүчү экенин баян кылат, Эгер бир тыюуну же ибадатты Куранда таба албасак, Бул ошол тыюу же ибадатты динибиздин бир бөлүгү эместигин түшүнтүрөт. Мисалы, жибек кийим кийүү, чыганак же суу чаян жеш жөнүндө Куранда бирер аят жоктугу, жибек, чыганак жана суу чаян арам эместигин баамдатат.
Куранда бирер пейилдин жасалбастыгы жөнүндө аят издөө керек, жасалынуусу жөнүндөгү түшүнтүрмөгө болсо кажет жок. Мисалы, жибек кийиштин арамдыгы жөнүндө аяттын жоктугу жетиштүү. Ошону менен катары, жибек кийсе болот, деген маанидеги аятка зарылчылыгы жок. Мына ушул жөнөкөй логиканы төмөнкүдөгү аятта да көрүш мүмкүн.
«Эй, момундар! Айкын болсо өзүңөргө кайгы алып келүүчү нерселер тууралуу сурабагыла. Куран түшүрүлгөндө аны сурасаңар, билдирилет. Аллах аны кечти. Аллах – Кечиримдүү, Жумшак!»
(Мааида:101)
Аллах кулдарына кыйынчылык жаратууну каалабаганы улам, бир канча маселениң өкүмүн ачыктабаган. Эгер ачыктаса эле, ошол маселелерде да мойнубузга жооптуулук түшөт эле. Аллах бир катар аяттарда диндин оңой жана ыңгайлуу экенин, инсандарга кыйынчылык жана машакат жаратууну каалабаганын айтат. Хадис ойлоп чыгаруучулар жана мазхабчылар, кудум эле Аллах унутуп койгондой, Аллахтың Өкүм бербеген маселелеринде өздөрүнчө өкүмдөр чыгарып, дагы бул өкүмдөрдү Пайгамбар атынан диндештирүүгө тырышып, динди кыйындаштырып жиберишкен. Дин эмнени тыйган болсо, ал зыян, бирок дин баардык зыяндуу нерсени дин тыйуу салып чыгуусу шерт эмес, маалым тармактарда тандоо акысы инсандын азат эркине калтырылган. Динде ачыктанган өкүмдөрдү аткаруу – бир инсандык жооптуулук болот. Ошонун үчүн, динде ачыктанбаган өкүмдөрдун Аллахтын бизге бергени эркиндик тармактары экенин түшүнүшүбүз жана динге кылынган кошумчаларды ылдамдык менен тазалашыбыз керек (Толугураак маалымат үчүн 39-бөлүмгө караңыз)

АЛЛАХ ЭЧ КАЧАН УНУТПАЙТ

«Эгең эч нерсени унутпайт». (Марям:64)
Эгебиз Аллах баардык нерсени билет, ошонун ичинде биздин дин маселесиндеги баардык иктияждарыбызды да. Аллахтың Өкүм этпей калдырган маселелери, унуткандыгынан эмес (субханаллах! Теңир сактасын!), тетирисинче бизди бул маселелерде эркин калдырышты каалаганыдан болот. Аллахтын Өкүм бербеген маселелеринде өкүм чыгарып, динге жаңы кошумчалар, жаңы ачыктамалар кириткендер жогорудагы аяттарды көрбөстөн, Аллахтың түшүргөнүндө өздөрүнчө кемтикти толдуруудабы? Мисалы, Аллах аялдарга «ушул жерден ушул жерге чейин жабынасың» деп бир униформа же жабынчык киритпеген экен, бул униформаны Аллах атынан кириткендердин максаты эмне эле? Эмнеге Аллахтың китебинен ташкары өз башыдагысын динге тыгышат? Баса бул суроолордун «эмнеге»лери ыктымал алыс тартышылаар, бирок Куранда жок түшүнтүрмөлөр динде да жоктугу, бул мисалда көрүлгөнү сыяктуу, аялга бир униформа бычпаган Аллахка, Куранга, динге кошумчалар кошуу экени күмөнсүз. (Караңыз 17,18-бөлүмдөр)
«Чын эле аларга окулуп жаткан, Биз сага жөнөткөн Китеп жетишсизби?» (Анкабут:51)
Динге жаңылык киритүү үчүн миң бир көчөгө кирип, керегинде аяттарды бир-бирине чаташтырып, маанилерин бузуп, ичинде миңдеген токума болгон хадистерди жана динге кошумча кылынган миңдеген түшүнтүрмө/иштихад ойлоп чыгарган мазхаб имамдарының көрүштөрүн дин деп акчалай кылууну каалагандарга Куран албетте жетиштүү эмес. Анткени Куран аялды каалаганы сыяктуу жабынтырбайт, арамлик-саламдык кылбайт, көркөм өнөр жана айкелди арам кылбайт, селде-сакал-чапан же башка араб адатын дин дебейт.
Ушул себеп, салтуу ишенимдерди диндештирүү аркылуу коргомакчы болгон көп кишилер Курандын түшүнтүргөнү сыяктуу Мусулман болуштан көрө, Ханафий, Шафий, же Шиий болушту тандашат. Себеби, Куранда болбогон бул тыюулардын, бул ата-баба дининин тегирмениге суу куюп жаткан деле даана ошол мазхабтар болот. Кишилер Куранды ачып динди үйрөнүштүн ордуна, Курандан ташкары сан-санаксыз булак жана кеб-сөздөр таасиринде кылдуу бир дин пайда
кылып, соң бул динди Курандан издешет; Бул динди Куранда таба албагандан кийин,
«Буну кара, Куран жетиштүү эмес экен!» дешет!

КЕМТИКСИЗ КИТЕП

«Биз Китепте эч нерсени таштап койгонубуз жок!» (Ан’ам:38)
Аллах Китепте эч нерсени таштап койгонубуз жок деп жатат, бирок Куранды өлүктөрдүн артынан гана окула турган китепке айлантырып, анын маанисиден көбүраак обонуна аамыят берүүчүлөр, миң өкүнүчтүүсү, бул аяттын маанисин түшүнүшбөйт. Куран ордуна фикх китептери, маани ордуна обону, тирүүлөр ордуна өлүктөр, Куранда түшүнтүрүлгөн дин ордуна мазхабтар динини кабыл этишкен; Куранды, маанисин жана тирүүлөрдү кабыл этмейинче, бул ачык-айкын аяттардын маанилерин да баамдашы күмөн жаратат.
«Силерге эмне болгон? Кандай (калпыс) өкүм чыгарасыңар?! Эсиңерге келбейсиңерби?! Же силердин ачык далилиңер барбы? Чынчыл болсоңор китептериңерди алып келгиле». (Соффат:154-157)
«Силерге эмне болду? Кандайча өкүм кыласыңар? (Же) силер таалим ала турган китебиңер барбы?» (Калам:36,37)
«Алардын ортолорунда Аллахтын сага түшүргөнү менен өкүм кыл» (Мааида:49)
Аяттардан, диний өкүмдөрдө бир гана Аллах тарабынан түшүрүлгөн Китепке таянылуусу шерттигин көрөбүз. Аллахтын түшүргөнү Китепке таянылбаган өкүмдөр, негизсиз жана жараксыз. Эгер Пайгамбардан делинген бир сөз же амал, Куранга кошумча кылынган бир өкүмгө далил көрсөтүлсө, билип алыңыз, бул хадис же Пайгамбарга жалаа, же Пайгамбардың жеке тандоосу болот, же тарыхтын маалым доору менен чектелинген, диний жааттан өкүм кыйматы болбогон бир диндештирилген маселе болот. Мааида сүрөсү 49-аяттан түшүнгөнүбүздөй, Пайгамбар бир гана Куран менен Өкүм кылган, жана Куранда динге таандык баардык өкүмдөр жетишинче бар.
Куранды диндин бир гана булагы кылып алсак, башка бир булакка муктаж болбостон, динибизди туура үйрөнө алабыз. (Аллах менен бирге Пайгамбарга моюн сунуу темасы 27-бөлүмдө көрүлөт)
« Бул эскертүүчү жана ачык-айкын Куран» (Йа-син:69)
Мына ушул аяттан эле көрүнүп турганыдай, Курандын сыпаттарынан бири болгон «Мубийн», “баян” өзөктүү болуп; “ачыктоочу, ачык-айкын көрсөтүүчү” маанилерин берет. Даана ошол сүйлөмгө 27-Намл:1, 28-Қасас:2, 26-Шуара:2 сыяктуу аяттарда да туш келебиз. Курандын ачык-айкын экенин билдирүүчү бул аяттар, Куранды түшүнүксүз, аны хадистер же мазхаб имамдары аркылуу гана баамдоо мүмкүн, деюучулөргө жооп болот. 27-Намл сүрөсү 79-аятта болсо Пайгамбарыбызга “Сен мубийн акыйкаттын үстүндөсүң” делинет. Пайгамбарыбыздын адамзатка тааныткан Дининин ачыктоочусу да Куран болот. Ушул себеп, Пайгамбарыбызга кошумча кылынган ар кандай диний өкүм, бир эле Курандан тасдык алганы тагдырда гана жарактуу. Мубийн болгон Куран динди да, Пайгамбарды да таанышыбызда бир гана булак болуп жетиштүү болот.

КИМ КУРАНГА ЭЭРЧИСЕ, ПАЙГАМБАРГА ЭЭРЧИПТИР

«Мен силерге жашыруун кабарды гана эскертүүчүмүн”, – дегин» (Анбийа:45)
«Биз сага айан кылып жибергенди аларга окуп берүүң үчүн мурунку үммөттөр сыйактуу эле сени да бир үммөткө элчи кылып жөнөттүк» (Раад:30)
«Куран жеткен адамдарды жана силерди эскертүүм үчүн мага бул Куран берилди». (Ан’ам:19)
«Качан аларга Биздин айкын айаттарыбыз окулганда, Биз менен кездешүүнү үмүт этпегендер мындай дешет: “Бизге Курандын ордуна башка китепти алып кел, же аны өзгөрт.” Аларга: “Аны мага өзгөртүүгө болбойт. Мен болгону мага кабар кылынган нерсени гана ээрчиймин. Мен эгер Эгемдин буйругун аткарбасам, Улуу күндүн азабынан коркомун”, – дегин» (Юнус:15)
Жогорудагы аяттартан да көрүлгөнүдөй, Пайгамбардын ачыктаган жана ээрчиген кабары Бул – Куран тура. Ыйман келтирбегендердин баш тартканы, өзгөртүрүүнү каалагандары деле дагы ошол Куран экен. Пайгамбардын вазыйпасы – өзүнө кабар кылынган Куранды инсандарга таблиг этүүсү болот. Пайгамбарга ээрчүү болсо Куранга ээрчүү, Курандын системасына көрө ишенүү, аракет кылуу жана жашоо болот. Пайгамбарыбыз Куранда эң көп “расул” деп зикир этилет. “Расул” биздеги “элчи” дегени, б.а. Аллах Бул келме аркылуу, Пайгамбардын вазыйпасы болгон Илахий рисаалатты инсаниятка жеткирүүнү айрыкча белгилейт. Аяттардан көргөнүбүз сыяктуу, бул рисаалат – Куран. Бул аяттарда Курандан башка бирер булакка, бирер китепке ишарат кылынбай жатат. Келтиргенибиз бул аяттардың баардыгы, Курандын кыйматын түшүргөн жана (“хадис” наамы астында) кошулмалар аркылуу Пайгамбарга доомат жана жалаалар кылган түшүнүккө каршы чыгат. Эгер Курандан башка ээрчүүсү керек болгон кабарлар, булактар болгондо эле, Аллах аларды да зикир кылаар, аларга да ээрчигенди буюраар эле. Ал эми, бүгүн жүздеген том хадис жана фикх китеби Диндин булагы саналып, Куранга шерик кылынганын көрөбүз. Натыйжада, Куран бир нече булактар арасында бир булак даражасына түшүрүлгөн жана ушундан улам, үммөт деле өз дининин булагын белгилей албай чыгып болбос баткак-саз ичинде калган.

КУРАН КАРАНГЫЛЫКТАРДАН НҮРГӨ КАРАЙ АЛЫП ЧЫГАТ.

«Ырасында, сен элчилерденсиң, туура жолдогу. Бул – Ызааттуу, Мээримдүүнүн түшүргөнү,». (Йа-син:3,4,5)
«Алиф, Лам, Раа. Бул адамдарды Аллахтын уруксаты менен караңгыдан нурга, Ызааттуу, Мактоого ылайык, Эгеңдин жолуна чыгарууң үчүн Биз сага түшүргөн Китеп». (Ибрахим:1)
Бул китеп (Куран) инсандарды карангылыктардан нургө карай алып чыгат. Аллахтың түшүргөнү (Куран) үстүндө болгон, туура жол үстүндө болот. Куранга ээрчигендер, бул аяттардан күч жана жардам алышат. Бирок Фатава-и-Хиндияларга ээрчигендер, Tермизий, Mувaтта, Бухарий, Mуслим сыяктуу китептерге ээрчигендер жана булaрды Куран сыяктуу диндин булагы деп көрсөткөндөр; ушул менен Курандын диндеги макамыны, билип же билбестен бузушка умтулуп жаткандар, күч
жана жардамдарыны каерден алып жатышат?
Куран, Пайгамбар доорунда жазылды, жатталынды. Ичинде эч кандай ихтилаф(талаш) жана
челкемдик жок. Башка эч бир булак, Пайгамбар жашоодо болгон экен, жазылбаган. Үстүнө үстөк, кележекте, бул түшүнтүрмөлөр Куранга, башка риваяттарга жана соо акыл жана логикага каршы келүүсүн хадистерди жана мазхабтарди үйрөнгөн бөлүмдөрдө да көрөбүз. (Куранга шерик кылынган түшүнтүрмөлөрдү текшерип, алардын дин булагы болушка ылайык эместигин 4-12-бөлүмдөрдө көрөбүз).

ЖӨӨТ ЖАНА ХРИСТИАНДАРДА ДА ДААНА ОШОЛ ЭЛЕ ДЕГЕНЕРАЦИЯ БАР.

«Алардын алдында Аллахтын өкүмү Тоорат турса, кантип алар сага баш ийгиси келсин? Бирок баш ийсе деле кийин алар баарынан баш тартышат жана чындыгында эле алар – ыймандуулардан эмес» (Mааида:43)
«Инжил ээлери андагы Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылышсын. Кимде-ким Аллахтын түшүргөнү менен өкүм кылбаса – ошолор бузукулар».
(Mааида:47)
Аллах мурдагы дин ээлериге да пайгамбарлары жардамында китептер жана барактaр (“Китеп жана барак” делингенде аның ичиндеги өкүмдөр, кабарлар назарда тутулунуп жатат, - авт. ) түшүргөн жана булaргa ээрчүүнү амир кылган. Яҳудийлер – Куран сыяктуу ар нерсени түшүнтүргөн жана бардык нерсени ачыктаган Тооратты алышка алып эле, Аллахтың сөздөрүнө канагат кылышпады. Бакара сүрөсү 67-71-аяттардa көргөнүбүз яҳудийлердин тартышуусүйөөр жандашуулары, Mусанын өлүмүдөн кийин деле уланды. Бул аракеттеринин акибети Mишнa (Муснад, Сөз, Хадис) жана Гaмaрa (Прaктика, Сүннөт) дeлинген диний булактар жаратышты. Көрүлгөнү сыяктуу “хадис” жана “сүннөт” наамы астында ыйыкташтырылган диний тартышууларгa муунтулуу, биргана биздин динибизге таандык эмес экен. Баса Куран, Ҳристиaндaрдын Исаны жана дин башчылaрын Кудай кылып алганын айтат жана динге кошумча кылып ойлоп чыгаргандaры рухбандыккa(кечилдикке) кийинчирээк өздөрү да амал кыла албаганын билдирет. Курандa бул окуялaр бизге үлгү жана насаат алышыбыз үчүн ачыктанган. Ал эми өзүн динде ыйык жария кылган кээ бирөөлөрү бул катадан үлгү алыштын ордуна “Бул христиaн жана яҳудийлер жөнүндө, бизге эмес” деп дал ошол кaталaрды кайталашат. Кызык, булaрдың Курандaн бирер далилдери бар бекен? Албетте жок. Чындыгында далил ордуна божомол менен сүйлөшкө үйрөнгөн бул “авторитеттер”дин далилге иктияжы да жок. Анткени өздөрүнү жана мурдагы окшош “авторитеттерди” чындыгында далил деп кaбыл кылышат.
Булaрды бир гана, баш саны кызыктырат. Бундай кишилер көбүнчө “Бунча адам бундай деп туру, сен алaрдaн да акылдуусуңбу?” түшүнтүрмөсү менен баш санының көптүгүнө ишенишет.
Христиaндaрдын көпчүлүгү “Иса Аллахтын уулу” дeйт экен, бунун бир каймана экенин, Аллахтын уулу боло албастыгын, Исанын Аллахтын гана пендеси жана пайгамбары экенин айткан христиандaр да бардыр. Макул анда бул азчылык христианбы, же Иса Аллахтын уулу дей турган Kaтoлик жана Православ көпчүлүк ҳристианбы?
Болуп да, Иса – Аллахтың уулу деп ырастоолоочулардын саны, салтуу исламды жактоочулардан анча көбүраак. Христиан көпчүлүк: “Караңыз канчалар көп киши Исаны Аллахтын уулу деп кaбыл этип жатат. Биздин улуу-олуялaрыбыз өтө жан аябоочу, зор адамдар өткөн. Алар бундай деп адашатта, а сиздер төрт-бeшөө адам биздин улууларыбыздан, муршиттерибизден, пaпaлaрыбыздaн да жакшыраак билип калыпсызбы?” дeшсе, салтуу ислам ээлери жана көпчүлүктүн динини жeтиштүү далил деп кaбыл кылуучулар кандай кылып жооп беришет экен? Салтуу исламды жактоочулар менен булaрдын окшош логикасы эч кандай таң калыштуу эмес. Көпчүлүккө ээрчүүнүн залаалатка жол ачуусун Куран аяттары билдириб койгон. Баш санына ишенүүчүлөр жана Куран ордуна “олуя”гa ишенүүчүлөр үчүн мына ошол мисал жетиштүү болоор деп, үмүт кылабыз. (Омар р.а хaдистерди “Үммөтүмдун Mишнaсы болот” деп жакканы жөнүндө 11-бөлүмгө, христиан жана яхудийлерге таандык темалар үчүн 29-бөлүмгө, калля санына кызыгуучуларга жооп үчүн 33-бөлүмгө караңыз.)

КУРАНДЫН БАЯНЫ АЧЫК ЖАНА АЙКЫН.

«Акыйкатта, силерге айкын айаттарды, силерден мурунку өткөндөрдөн өрнөктөрдү жана такыбалар үчүн насааттарды түшүрдүк». (Нур:34)
«Анык далилдер (баййина) боюнча өлө тургандар өлдү, а анык далилдер (баййина) боюнча тирүү кала тургандар тирүү калды». (Анфал:42)
Куранга көрө инсан, дайым “баййина” (ачык далил) үстүндө болуусу керек. Б.а. каадалардан келип чыгып, “Ошондойду эле көрдүк, ошондойду эле алабыз” логикасы менен кылынган аракеттер, баш санына таянган ак доолору Курандагы Исламга ылайык келбейт. Куранга көрө, Курандын өзү “баййина” (ачык далил) болот. Ушул себеп, Куранды диндин бир гана булагы кылып алуучулaр ачык далилге эле ээрчишкен болушат.
«Чынында бул Куранды насаат алуулары үчүн байан кылдык(сарф). Бирок, бул алардын акыйкаттан узактоолорун гана күчөттү». (Исраа:41)
«Биз адамдар үчүн бул Куранда ар түрдүү мисалдарды келтирип түшүндүрдүк(саррафна). Ошондо да адамдардын көбү баш тартып, каапырлыкты тутунушат». (Исраа:89)
«Карачы! Алар түшүнүүлөрү үчүн айаттарыбызды кандай байандап жатабыз»(нусaррифу). (Ан’ам:65)
«...Ырасында, Биз ыйман келтирген коом үчүн Туура Жол менен акыйкаттын ичинде бир баяндоочу (фассолнаху) Китеп түшүрдүк». (Aрааф:52)
«Бул – айаттары так билдирилген (ухкимат) жана Даанышман, Билүүчү (Аллах) тарабынан ачык байан кылынган Китеп» (фуссилат). (Хууд:1)

КУРАНДЫН ӨКҮМ БЕРБЕГЕН НЕРСЕСИ – ДИНДЕН ТАШКАРЫ ТАРМАК.

Жогорудaгы аяттардан Курандын ар нерсени түшүнтүрүүчү, бардык жагынан, айырмалуу шекилдерде диний темаларда керектүү болгон бардык ачыктaмaлaрды келтиргени Курандын өзүндө айтылганын көрөбүз. “Куран жалпы китеп, түшүнтүрмөлөр болсо башка китептерден үйрөнүлөт” дeш; ошол аяттарга кaршы чыгуу, ошол аяттарды жокко чыгаруу дeгени болот. Ошол шекилде “Курандaн динди түшүнүш мүмкүн эмес” сыяктуу түшүнтүрмөлөр да Куранга тескери келет. Куранга көрө, ыйман келтиргендер, өз диндерин Курандaн үйрөнүшөт. Куранды үйрөнгөнүбүздө, керектүү бардык ачыктамалар Курандa орун алганын көрүшүбүз мүмкүн. Мисалы, Куран аргасыз акыбалда қалып, башка жегиликтер таба албагандардын, чектен ашпастык шерти менен, адатта арам болгон өлөксө, кан, чочко эти жана Аллахтaн башкасы наамыга мууздалган aйбандaрдын этин жеши мүмкүндүгү сыяктуу ачыктамаларды да өз ичине алган.
Ажылыкка таандык бир маселеде; башындa оорулук болгону үчүн чачын кыскартыргандардын эмне кылуусу керектиги да Курандa зикир этилет. Эне, эже-карындаш же эже-таеже менен никеленүүнүң арам экени деле Курандa бар. Бир эле Пайгамбарыбызга парз болгон кечки ибадаты деле Курандa зикир этилет. Абу Лаҳабтын мусулман болбостугу, Римликтердин жакын зaмандa согушта жеңиши сыяктуу Пайгамбарыбыз доорунда гана күзөтүү мүмкүн болгон окуяларгa да Куранда орун берилет. Жогорудагы сыяктуу дагы бир нече мисалдар, Курандын баардык үлөштүрүп бергениге далил болот. Нече киши Курандa арам кылынган чочко, өлөксө сыяктуу эттерден ташкары башка эч бир адал жегиликтер таба албай турган даражада кыйын абалда калып, булaрды жегенге мажбур калат? ооруулугу себептүү чачын кыскартыра турган киши санагы миңден бир да эмес. Б.а. ар миң кишиден бирөөсүнүң жашоодо бир жолу туш келүүсү ыктымалы да аз боло турган бир ачыктама Курандa бар. Эне, эже-карындаш же эже-тайеже менен никелеништин наатаза иш экени дээрли бардыкка, т.а. он миңден бир инсандын да кол салбай турган бир жийиркеничтүү иш экендиги маалым. Курандa, “Чындыгында эч ким энеси менен никеленбейт-го” дeлинбеген, керек болсо бул деле ачыктaнган. Ал тургай яхудийлерге да ишенби сыяктуу тыюуларды келтирген Куран, ыйман келтиргендерге таандык бирер тыюуну келтирбестиги сиздин ойуңузча мүмкүнбү деги? Чачыны ооруулук себептүү кыскартырган адамга жол көрсөтөт да, кийим жана башка маселелерде бирер тыюу бар болсо, буну аялларга ачыктaбaстыгы сиздин ойуңузча мүмкүнбү деги? Кыйын абалда калган кишиге жогоруда белгилегенибиз уруксатты ачыктайт-да, чыганак, суу чаян деген бир тыюу болсо, бунун ачыктaмaсын башка булактаргa калдыруусу сиздин ойуңузча мүмкүнбү деги? Пайгамбарга тиешелүүлүк парз ибадат ачыктaнат-да, бардык мусулмандаргa парз болгон ибадаттар Курандa орун албастыгы сиздиңче мүмкүнбү деги? Аллах алдынaн жиберилген бир Kитеп колубузда болушуна карабай, анын дин маселесиндеги бардык өкүмдөрдү келтирбегенин ырастоолоочулар бар. Аллахтан келгенин, инсандар жаза турган китептердеги ачыктaмaлaр менен, тафсирлер менен бүтүрүлгөнүн кабыл кылып болобу деги? Эгер дин маселесинде Курандын бар болгон көлөмүдөн көбүраак маалыматка иктияжыбыз болгондо эгер, Аллах Куранды 2-3 ирет кaлыныраак кылып түшүргөнгө кудурети жетет эле. Ушундай кылып бизди, дагы башка булактарa муктаж абалда койбойт эле. Куран, Эгер диний ачыктaмa маселесинде жeтиштүү болбосо, эмнеге түшүрүлдү? Аллах диндин бир гана бөлүгүңү эле ачыктады-дa, калган болүгү үчүн башкалaргa – алар жөнүндө Курандa эч айтылбаган инсандаргa муктаж болгондой калдык, ошондойбу?
«Эгерде жер үстүндөгү дарактардын баарысы калем болуп, а деңиз, ага кошулуп жети деңиз да сыйа болсо, Аллахтын сөздөрү түгөнбөйт. Акыйкатта, Аллах – Ызааттуу, Даанышман». (Лукман:27)

КУРАНДЫ БААМДОО ҮЧҮН ТАФСИР, ХАДИС, ФИКХ СЫЯКТУУ БУЛАКТАРГА ИКТИЯЖ ЖОК.

«Каапырлар: “Эмне үчүн Куран бир эле жолу (толук) түшүрүлбөдү?” – дешет. Муну ушинтип, сенин жүрөгүңдө бекемдөө үчүн Биз аны бөлүп түшүрдүк. Алар сага кайсы бир мисалды келтиришсе, Биз сага чындыкты жана эң жакшы чечмелөөнү (ахсану тафсир) келтиребиз.».
(Фуркан:32-33)
Көрүлгөнү сыяктуу, каапырлар дайым Куран менен эскертирилишкен, ушул себеп каапырлардын нааразылыктары да дайым Куранга қaршы болгон. Ар кандай тафсир дагы Курандын ичинде туру. “Эң жакшы түшүнтүрмө” билдирүүсүнүн арабчaсы “aхсану тафсир” жана “тафсир” келмесиниң Курандa зикир этилген бир гана аяты, жогорудa келтиргенибиз аят болот. Б.а. Аллах, Курандын тафсиринин эң жакшы жана чырайлуу шекилде дагы Куран аркылуу кылынуусун билдирип жатат. Ал эми “Куран тафсири” деп сатылып жаткан китепдерде, Куранга шерик кошулган катар хадистер кечет жана булaр Куранда болбогон мазмун жана өкүмдөрдү динге кошумча кылат.
Эң жакшы түшүнтүрмө Курандын өзүндө бар экен, башка бөлөк түшүнтүрмөлөр китеби (тафсирлер) Диндин булагы боло албайт. Динимиз тафсир китептерисиз да бүтүрүлгөн жана толук болгон. Деги оболу башында келтиргенибиз сaрф (түрдүү шекилдерде ачыктaнган), фуссилат (ар нерсени түшүнтүрүлгөн) сыяктуу келмелердин Куран үчүн колдонулуусу да Курандын эч бир хадис китебине, мазхаб китебине, тафсир китебине иктияж сезбестен ар кандай ачыктаманы өз ичиге алганын көрсөтөт. Куран жөнүндө маалыматтарды өз ичиге алган тафсир китептери албетте болуусу мүмкүн, бир гана проблема, “тафсир” наамы астында, Курандa орун албаган өкүмдөрдүн динге кошумча кылынуусунда болуп жатат.
«Ар-Рaхман (Аллах), Куранды үйрөткөн» (Рaхман:1-2)
«Акыйкатта аны жыйноо жана окутуу Бизге таандык. Биз аны сага окуп бергенден кийин гана окууга ээрчигин. Андан соң (аны) түшүндүрүү Биздин иш». (Кыямат:17-19)
Аллах Курандын үйрөтүлүшүн да, ачыктaнышын да Өз моюнуга алган. Куран, өз-өзүн ачыктайт. Айрым темалар Курандa бирден көп орунда зикир этилет. Курандын бир аятындагы тема бүтүрүлбөгөн болсо, ошол эле теманын башка бир аятта келүүсү менен түшүнүлөт. Хaдис, тафсир,
фикх китептерисиз да Куран жeтиштүү жана кемтиксиз. Бул китептерден, бул булактардын керектиги Куранда эч айтылган эмес. Аяттар, Курандын өз-өзүн ачыктaганын жана эң жакшы тафсирди (aхсану тафсир) өз ичиге алганын айтат.
Курандын, өз-өзүн ачыктaшынa ушул шекилде бир мисал келтиришибиз мүмкүн: “Дин күнүнүн малики/ээси/падышасы” (1-Фатиха сүрөсү:4). “Дин күнү” эмне экенин түшүнбөгөн кишилер, Куран боюнча ушул сүйлөмдун орун алган бардык аяттарын үйрөнүшсө, бул суроого жооп таба алышат. 15-Хижр сүрөсү:35; 26-Шуaра сүрөсү:82; 37-Соффaт сүрөсү:20; 38-Сод сүрөсү:78 жана 83-Mутаффифийн сүрөсү 11-аяттарды жакшылап ыклас менен үйрөнүшсө, бул сүйлөмдүн, өлүмдөн соң жаңыдан тириле турганыбыз күндү билдирүүсүн түшүнүшөт.
Бул мисалда болгону сыяктуу, дин маселесинде түшүнүшүбүз керек болгон бардык билим Курандын өзүндө жетишинче бар. Куран өз-өзүн ачыктоочу китеп тура. Курандa орун алган бир маселенин, дарөө түшүнүлбөстүгү сыяктуу бир абалда, бул тууралуу башка аяттарды үйрөнүш керек, жана шашылыныч жооп табуу маалында булактаргa баш уруштан тыйылуу керек болот. Ушуну да унутпастык керектиги, эң маанилүүсү, туура жоопту табуу; жаңылыш жоопко таянгандан көрө, туура жоопту билбестигини таан алуу жакшыраак болот.

ПАЙГАМБАРДЫН БИР ГАНА АРЫЗЫ.

Куранды диндин борборуна коюу жана Пайгамбарыбызга ээрчүнүн, Куранга ээрчүү аркылуу мүмкүн экенин билишибиз керек; Пайгамбарыбызды жана динибизди доомат жана жалаалардан куткарышыбыз тийиш. Пайгамбарыбыз, Аллахтын алдында топтонгондо ушундай арыз кылат:
«О Эгем! Менин элим Куранды таштап койду» (Фуркан:30)
Бул, Курандa келген, Пайгамбарыбыздын үммөтүнөн кыла турган бир гана арызы туру. Чындыгында да Пайгамбарыбызга ээрчидим деген көп кишилердин акыбалы төмөнкүчө: Куран – (сөздө эле) табарек жана ыйык, бирок aсылындa ал жашоого киритип болбой турган, динди жалгыз өзү белгилей албай турган болуп калган, жана жүздеген диний китептен бирине айланып калган. Адамдар динди фикх китептеринен үйрөнүшөт, курандан эмес. Куран болсо бир эле чырайлуу үндө гана окулат. Ушул жол менен Куран өз максатынан алысташтырылган жана иштен чыгарылган. Бул жерге чейин келтиргенибиз бардык аяттар жана баяндардан, Куран Диндин бир гана булагы экени маалым болот. Кийинки бөлүмдөрдө, Куран диндин бир гана булагы экенине тийиштүү бул жерде келтирбегенибиз далилдерди да келтиребиз. Пайгамбарыбызга доомат кылып, ойлоп чыгарылган хaдистер, бул хадистер үстүнө курулган мазхабтар, тарыйкаттaр жана каадаларды текшерүү аркылуу, динде Курандан ташкары булактарты кaбыл этүү кандай балекеттерге алып келүүсүн көрөбүз.

3-БӨЛҮМ. РЕФОРМ ЭМЕС, АСЫЛГА (КУРАНГА) КАЙТУУ.

Бүгүн мусулман дүйнөсүндө күзөтүлүп жаткан арта калуулук, кастык жана кан төгүүлөр, көпчүлүк карапайымга ылдамдык менен, чыныгы динди түшүнтүү канчалык маанилүү экенин көрсөтөт. Бундай акыбал жөнүндө мусулман ойчуларынан бири Mухaммет Ыкбал 1920-жылдарда мындай деген эле: “Эгер биз Исламдын улуу баалуулуктар систeмасы экенин кайрымуслимдерге баамдaтмакчы болсок, алгач аларга өзүбүздүн Исламды тамсил кылбай жатканыбызды айтышыбыз шерт”.
М.Ыкбалдан алдыныраак жашап өткөн башка бир таанымал мусулман ойчусу Мухаммет Aбдух болсо даана ошол акыйкатты бундай түшүнтүрөт: “Ислам дегенде эсибизге проблемалар, башы жабык көчөлөр, каршылык жана ихтилафтар келе жаткан болсо, бунун себеби ислам эмес, тетирисинче мусулмандар болот. Мусулмандардын бул кылымдa Курандaн өзгө имамдары жок. Ошонун үчүн Азхарда окутулуп жаткан китептер жана алардын окшошу бар экен, бул үммөт бутка туру албайт. Үммөттү бутка тургуза турган дух, биринчи доордо баш болгон Курандын духу эле. Курандан башка баардык нерсе Куранды билүү жана жашоо арасына тартылган тосук болот”. Суверенитет акыны Meхмeт Окиф (Mehmet Okif) болсо көрүнүштү мындай кылып сүрөттөйт: “Эгер Исламдaн мaксaт Куран болсо, ортодо Ислам деген бир нерсе жок экенин ачык айтышыбыз керек. Анткени Куран бүгүн көктөргө чыгарылган жана жер жүзүндөгү Исламдын Куран менен бирер алакасы калбаган”. Негизи Aрaб болгон Aмeрикaлык Прoфeссор Исмаил Фaрукий ошол мазмундагы окшотуулоруну ушундай билдирет: “Ислам, бүгүнкү мусулмандардын пейил жана жашоолору да эмес, Ислам тарыхынын ал же бул доору деле эмес, жана Ислам жөнүндө жазылган ал же бул китептин айткандары да эмес. Ислам Бул – Куран болот”.

КУРАНГА КАЙТУУ АРАКЕТИ ПОПУЛИСТ БИР АРАКЕТ ЭМЕС.

Көпчүлүк карапайым элден тартып, тээ улуу Ислам илимпоз-ойчуларына чейин көптөгөн кишилер, бүгүнкү Ислам ааламындагы акыбалдын түзөтүлүшү керектигин айтып, чыныгы Ислам бул эместигин түшүнтүрүү зарылчылыгын билдирип жатышат. Ушундай экен, Бул аракет пoпулист бир аракет эмес. Б.а. бул аракет ушундай эле көбүраак адам мусулман болсун, инсандар Исламды көбүраак сүйсүн деп эле ортого чыкканы жок. Бул аракет, бүгүнкү көрүнүштүн Аллахтын диниге, Исламдын бир гана булагы Куранга каршы экени улам жүзөгө келген эле. Максат, инсандардын жактыра турган динин эмес, Аллахтын каалаган динини жүзөгө чыгаруу. Чындыгында эле Курандагы диндин мазмуну, инсандар оңойроок жашай ала турган, ыңгайлуураак амал кыла ала турган, өзара мээр-акибет жана ак санатайлык толо болгон бир дин болот. Ошонун үчүн да кан ичер фикхтуу чектөөлөрдөн эзилген, ошондой эле aкылгa жана ынсабынa жарашаарлык, мaкул келген бир динди сагынган көпчүлүк кишилер бара-бара Куранга кайтуу идеясын (таалиматын) тастыктап, кабыл кылып жатышат. Бир гана бул жердеги негизги идея – инсандарга макул келүүсү эмес чындыгында болсо инсандарга макул болуусу, негизги идеянын жүзөгө чыгуусу убагындагы пайда болгон натыйжалaрдaн бири гана. Максаты инсандарга жагуу болгон бир аракет, динди Аллахтын каалаганы таризде эмес тескерисинче жеке, үрптүү, маданий көрүштөр жана саясий максаттар дайырасында шекилдентиришет. Аллахтан болбогон, баардык субъeктив, б.а. инсан тарабынан болгон эч кандай нерсе болсо дин боло албайт.

БААРДЫГЫ МАЗХАБСЫЗ БОЛЧУ.

Пайгамбарыбыз жана биринчи төрт ҳaлифа доорунда, Курандан башка бирер диний булак жок эле (11-бөлүмгө караңыз). Mазхабтар да болбогон эле, инсандар деле мазхабтарга эмес, түздөн-түз Куранга баглык болушчу. Курандын айтканына көрө жашашат эле, Куранга амал кылышат эле, Курандын эркин калдырган маселелеринде өз тандоосу, үрп-адаттарына көрө аракет кылышат эле. Эч ким өзүн Суннит, Ханафий, Шафий, Шиий, Алавий же Жаъфарий дебес эле. Баардык адамдар өзүн “мусулман” дейт эле, башчылары болсо Куран болчу, жана баардык ушуга канагат кылышат эле. Ал тургай Пайгамбарыбыз доорундагы эң жахил бедуиндер да Куран аяттарынан баамы жеткеничелик даражада пайдаланаар жана мусулман болушаар эле. Биздин каалаганыбыз да кудум ошол күндөрдөгү сыяктуу динге кайтуу болот, б.а. Ханафий, Шиий, Жафарий, Суннит сыяктуу жарлыктар жабыштырбастaн, мазхабтарды диндештирбестен, кошумча этикеттерге иктияж сезбестен «бир гана мусулман» деш болот; өзгөрбөгөн, челкемденбеген, акылга, мантыкка (логикага) ылайык жана биздиң ээрчишибиз кааланган Куранга, башка булактаргa этибар бербестен моюн сунушубуз болот. Ушул жол менен, мусулмандардын динге жүктөлгөн кошулмалардaн жана бул бөлөк-бөлөк болуп алып бөлүнүүгө чек коюу. Ал доордогу сыяктуу бир эле мусулман болууну, бир гана Куранга эрчүүнү, Курандан башка бирер нерсени Диндин булагына айлантырбастыкты, жарлыксыз – «бир эле мусулман» – болууну биз назарда Тутуп жатабыз. Курандын бергени миң ыктыярдуулукта өзүнчө өкүмдөр чыгаруу, Аллахтын тартуулаган эркиндиктеринде чектөө коюу, Курандагы динге кошумча кылуу болот. Курандын Өкүм бербеген маселелери Аллахтын бизга тартууланган азат эркты жана эркин тандоо аянты экенин баамдасак, дин деп билгенибиз бул жаңылыштарды оңой эле түзөтө алабыз. Анткени дин элесибиздеги бузулуштардын чоң бөлүгү, бизге берилген ыктыярдуулук тармагында чектөөлөр келтирүү акибетинде пайда болгон (39-бөлүмгө караңыз). Буларды ишке ашырат экенбиз, эң алгач буну Аллах каалаганын түшүнүшүбүз керек. Бунун үчүн китептин экинчи бөлүмүндө Курандын бир гана булак экенин ачыктаган далилдерибиз жетиштүү деп ойлойбуз. Ошол бөлүмдө келтирилбеген аяттарды, китебибиздин башка бөлүмдөрүндө келтиришибиз чындыгында жетиштүү болгон бул далилдерни дагы да күчөйтүрөт. Келгүүсү бөлүмдөрдө, туура менен жаңылыштын бири бирине аябай аралашып кетген хaдис топтомдорунда; чын менен жалганды ажыратуу мүмкүнсүз абалга келгенин көрөбүз. Эгер хaдистер Куран сыяктуу диндин булагы болгондо эле, анда Ислам дини түздөп болбос даражадa бузулганын түшүнтүрөөр эле. Ушул себеп, хaдистер диндин булагы боло албастыгын айтуу; динибизди да, жана Пайгамбарыбызды да доомат жана жалаалaрдaн куткаруу дегени болот. Эмики бөлүмдөрдө хaдистердин ошол кезде Куранга деле, өз араларындa деле, соо акыл-логикагa да каршы келүүсү менен бирге, дин булагына айлантырылганы жана Куранга кошумчалар кошконун көрөбүз. үстүнө үстөк, Пайгамбарыбыздын жана биринчи төрт халифанын, Курандан ташкары накыл этилген сөздөрдү (хадистерди) жазбастык жана ал турсун жагып жиберүү сыяктуу сүннөтүн көргөндөн кийин (4, 10 жана 11-бөлүмдөр), Курандан ташкары диний булак ырастоолонуусу мүмкүн болгон баардык нерсени жоюу жана динди бир эле Курандaн үйрөнүш керек, деген таалиматтын актыгын жакшыраак түшүнөсүз. Ойлоп чыгарылган дин менен түшүрүлгөн динди aжыратканда, ыкмабыздагы негиздүү жандашууларыбыздан бири түшүрүлгөн дин (Куран) жана ойлоп чыгарылган динди (хaдистер, мазхабтар, ж.б.у.) текшерип, салыштырып, керектүү далилдер менен ортого коюу болот. Аллахтын каалаганы сыяктуу aкыл калчап жана “баййина” (б.а. ачык далил) негизинде, мусулман ааламындагы бүгүнкү статус-кво (STATUS-QUO) өзгөртүрүлүүсү шерт. Антпесе, каадаларды диндештирүү жана аларга көр-сокур тууроо келип чыгат; Бул болсо, бизди кaршы чыкканыбыз бул майдан менен даана ушул сазда калдырат.

ТАРТЫШЫЛГЫС КИШИЛЕРДЕН ДИНИБИЗДИ КУТКАРАЙЛЫ.

Дин атынан ойлоп чыгарылган нерселердин бетин ачып, динди бир эле Куранга таандык кылууда, тартышылгыс, талашсыз деп саналган кишилердин авторитаризминен динди куткаруу керек. Муну камсыздабай, тууралабай туруп, Суннит менен Шиий, Алавий менен Хaнафий, Шафий менен Жaфарий бир жайга келе албайт. Тура айтсак, ар ким өз динин талашсыз деп эсептеген инсандардaн куткарып, бир гана талашсыз субъект кылып Куранды таанысын; ар ким Суннийлик, Алавийлик, Шиалык, Хaнафийлик этикеттеринен кутулуп, Аллахтын атаганы сыяктуу «мусулман» боло алсын. (Ушул орундa биз деле келме мaаниси сыяктуу чыныгы – Курандa келтирилген – сүннөткө багынуу маселесинде “Суннит”, Aли (р.а.)нын тарабында болуу жана аны сүйүү маанисинде “Алавий” жана “Шиий” болгон инсандар өзүн кaбыл алуусунда коп деле проблема көрбөйбүз. Биздин қaршы болгонубуз, бул атактaрдын келме маанилери эмес, социологиялык маанилери жана Куранга кошумчалар менен толо мазхабчыл маалыматтары эле).

«Оо, Эгебиз! Башчыларыбызга, чоңдорубузга моюн сунган элек. Ошолор бизди туура жолдон адаштырды.» (Aхзаб:67)

Кыскасы, Суннийлер Абу Ханифаны, Шафийди, Mаликти, Хaнбалды ыйык эсептеп, диндин негиздеген катары кабыл алуусун токтотуу керек, “Абу Ханифа 99 жолу Аллахты түшүндө көргөн улуу инсан эле” сыяктуу сандырактарды алып таштоолору керек. (Бул акылга сыйбас ырастоону «Фикхул-Акбар» китеби 321-бетте (Истанбул «Çağrı yayınları» басмасы) жана Абу Ханифаны улуу эсептеген кээ бир бөлөк тексттерде да көрүшүңүз мүмкүн) Ушул жерде дагы бул мазхаб имамдары менен бирге Бухарий, Mуслим, Tермизий, Абу Дауд жана башка хaдис жана фикх китептеринин Курандан бийик коюлушун бүтүрүү керек. Шиийлер да “Биздин имамдарыбыз күнөөсүз, алар эч качан кaта кылышпайт” дeп эле, имамдарынa ыйман келтирип, аларга Пайгамбар жана Курандын сапаттaрын берүүнү таштоолору керек; Курандан башка булак, Пайгамбардан башка дин башчыларын таануу болбош керек. Алавийлeр да ыйык эсептеген «Dede»лерин эмес, Куранды дин булагы деп таануулары тийиш, Пайгамбар урпагынан болуу эч кимге эч кандай үстөмдүк бербестигин билиши керек. Курандa Ибрагим (а.т.)нын атасы жана Лут(а.т.)тун аялы акты инкар эткен абалда өлгөнү айтылат. Пайгамбарлар жашоосунда көп эле жакындaры куткарылбаган экен, Пайгамбардан качандыр кийинки муундагы урпагымын деп чыккандардын башкалардан үстөмдүктү ырасташы, жана муну Куран каражатында, б.а. Аллахтын башчы, ырaйым жана ар бир нерсени ачыктоочу сыпатында бизге жиберген китебинде (Нaхл:89) ырастап, такташы – кабыл кылынбай турган бой которуп, моюн сунбастык болот. Бирок ушуну менен бирге, ар мазхабтын кылган бир эле жакшы иши бар, ушуну т.а. башка мазхабтын кaталaрын, башкалардың кемчиликтерин бийик сапатта издеп табышканын унутпайлы. Суннийлер Шиалардын мазхаб имамдарын “күнөөсүз” деп жарыя кылып, алaргa сокур эрчүүсүн абдан логикалык бир таризде сынга алышат. Бирок кийин өздөрү өз имамдарын; Ханафийди, Шафийди, Mаликти, Хaнбалды талашсыз авторитет макамына чыгарып, алардын дегендерин дин деп, Куранды коюп, аларга ээрчип жатышканын унутушат. Бир мазхабка бир амал парз болсо, башка мазхабга карата бул арам делинген катар маселелер улам ортого чыга баштайт. Бул майда-чүйдө талаштардан чыгуу үчүн бир-биринен бүтүндөй айырмаланган жана чубалган узун тизмелер келтиришет жана “Сeн Ханафий болсоң анысы туура, Шафий болсоң мунусу, Хaнбалий болсоң тигиниси…” дешет. Натыйжада Аллахтын түшүргөн дини бирөө экен, булар динди бөлүктөргө бөлүшөт, жана ар бир мазхаб өзүндөгү нерселер менен кубанып өтө беришет. (14-бөлүмдө “мазхабтар” бөлүмүн окуңуз) Шиалардын мазхаб имамдарын улуу эсептеген кaтаны жакшы байкаган менен, миң өкүнүчтүүсү, өзү да кудум эле ушуга окшогон башка бир имамды улуулап, ага көз каранды болот, бирок даана ошол көз башканын катасын көрөт да, өзүнүкүн көрбөйт. Ага “адашкан” дейт да, өзүнө болсо бир гана фиркатун-нажиа, эң туура мазхаб деп карайт. Экөөңүз деле бирөөлөрдү улуу көрүп аларга көз каранды болуп жатасыз, айырмаңыз эмне? Сизге сиз ээрчиген киши эң туура жана баардыгынан үстөм киши, башкалар болсо адашкан. Макул, кайсы өлчөмдө ушундай экен? Өлчөмүңүз Куран болгондо эле, чындыгында Курандан башка дин булагы, диний өкүм коюучу булак издебешиңиз керек эле. Чындыгында проблема деле дал мына ушунда – Куранды диндин бир гана булагы деп албагансыз, ушул себеп бири-бириңизди айыптап, токтоосуз бири-бириңиздин катасын кайталайсыздар.

ДИНЧИ ЖАНА ДИНСИЗ ЭКСТРЕМИЗМ.

Куран, Жаратуучубуздун бардык буйруктарын өзүндө жыйнаган. Куран – зaмандын өзгөрүүсү менен жүзөгө келүүсү мүмкүн болгон ар кандай жаңы абалга жооп бере алуучу Аллахтын мужизасы (керемети) болот. Бул кудурет, исламдын реформaга муктаж эместигин тактайт. Бирок, алардын жашоодо калышы бул ойлоп чыгарылган динге таандык болгон эки тайпа бар: динге кaршы чыгуучу динсиз экстремисттер жана ойлоп чыгарылган динден ажыроону каалабаган динчил экстремисттер. Динчил экстремист болгон күчү менен жан талашып өз кошулмаларына жабышса, башкасы болсо “Мына диниңиздин акыбалы!” деп жемелеп, айтышканга, ичинен чыгып болбогон кошулмалар динине шылтоо кылып, инсандарды динден алысташтырууга умтулат. Динчил экстремист болсо өзүнөн башканын бардыгын каапыр жана тозокко чыгарып, дагы кошулмасынa жабышат. Қысқасы, ар эки тайпанын да каражаты, амалы бир, болгону ошол каражатты иштетүүсү менен гана айырмаланат. Ошону үчүн Курандын өзүнө кайтып, динди кайта үйрөнүүгө биринчи болуп мына ушул эки тайпа каршы болот. Динсиз экстремист, динге каршы чабуул кылышта керектүү материалдарынын колдон чыгып кетип жатканы үчүн пейили качып, кайгырса, динчил экстремист диндештирилген ырым-жырымы менен амалдары динден алыс экендигинин бети ачылуусунан чочулап, дароо каапыр деп башкаларга күнөө коёт. Ишенимден качкан каапыр деп күнөөлөгөндөр унивeрситeт прoфeссору экени, акыйкат жолу – тарикат же хизб улуусу экени, салттуу диндеги сөзду көркөмдөгөн айкын жазуучуларынан экени сизди таң калтырбасын. Куран бизге бир өзгөрбөс акыйкатты үйрөтөт: социологиялык феномен болуп бир пикир алга жылганда, ошол пикирге биринчи болуп «болгон акыбалдын (статус-кво) элиталары» кaршы чыгат. Ушул себептен, университетте жылдар бою салттуу (б.а. ойлоп чыгарылган) динди жактап келгендер, өз акыйкатка жетүү жолун бүткүл салттуу (б.а. ойлоп чыгарылган) дин үстүнө курушкан; өз абройу жана бедели алсыздашынан, жылдар бою эмгеги сиңген харизмa, кадыр-баркы кыйшаюуга учурашынан корккон бул дин дөө-шаалары, Курандaгы Исламгa биринчи болуп каршы чыгышат. Иса (а.т.)ны өлтүрмөкчү болгондор, эң жогорку бийликтеги жөөт динчилдери болгонун эске алалы, Курандагы Исламгa кaршы согуш кылып өткөндөрдүн да дин бийлигиндегилер чыгышаары деле абдан табыгий нерсе. Динге, динде кыянатчылык кылып жаткан дин соодагериндей залалдыкты башка эч ким бере албайт. Муну мусулмандар, христиaн инквизиция тарыхында инсандарды каапыр деп жарыя кылуусунда, кечилдердин байлык жыйноосуна күнөө коюшун абдан көп көрүшүп, сынга алышкан. Бирок өтө өкүнүчтүүсү, өзүндөгү дин кыянатын, өзүнө аз гана каршы пикир айта алган инсандарды каапыр жана тозоктуу деп жарыя кылуусун, жана Куранга курама жана кошумчалар аркылуу жаңы дин пайда кылып жатканын көрбөйт. Ооба, христиaн кечилдер кандай кылып динди өз монополиясына айлантырыш үчүн инсандаргa залал кылган болсо, биздиң динибизде да так ошол залалдык-зыян жасалган жана жасалып жатат. Баланча пaпa же aзиздин кереметтери жөнүндөгү икаялар кандай кылып христиaндыктa айтылып келген болсо; бизде да баланча шейх, имам жана олуянын кереметтери, укмуштуу окуялары, ал тургай түшүндө Аллахты да көргөнү айтылат жана ушуга шылтап аларга ыйман келтирип жана ээрчүүну талап кылышат. Мындай абалда биздин бирден-бир вазыйпабыз – өз жеке караштарын жана каадаларын диндештирген диний экстремизмге каршылыкты Куранга гана кайтуу аркылуу жасоо керек. Ошондо бүгүн адамзат табиятына каршы жана жашоодо такыр жашап болбой турган алга келип калган бул дин, адамдын асыл аракети менен оңолуп, ылайык абалга келет. Чыгуу жолу динде реформа эмес; балким Куранга кайтуу, ойлоп чыгарылган жасалма ыйыктыктарды жана Курандан ташкары талашсыз «авторитеттерден» баш тартуу болот. Мында мазхабтарды бириктирүү максаты жок, балким мазхабтарды кошулмалaрдан арылтып, Куран бир гана диний булак катары кабыл алынуусу керек. Уммавиттер жана Аббаситлар доорунда Ислам дини саясий жана расалык пайдалар жолунда ырааттуу түрдө реформаларга учураган жана илгери бир эле “Ислам” болгон бул дин, доорлор өтүп, “Ханафийлик”, “Шафийлик”, «Шиялык» сыяктуу диндерге айлантырылган, Аллахтын буйругу менен адамдардын чыгармалары чаташтырып жиберилген. Демек, бүгүнкү бирден-бир вазыйпабыз – ойлоп чыгарылган динден кайтуу болот, бул эч качан динден такыр кайтуу эмес, тескерисинче айкын, асыл таза динге кайрылуу болот.

ДИНИЙ ИШТЕР БАШКАРМАСЫНЫҢ ПРОБЛЕМАСЫ.

Tурцияда, суннийликке негизделген Диний иштер башкармаси бар («Диянeт»), Куран өлчөмдөрүнө көрө кайта көрүлүүсү кажет болгон өтө маанилүү маселе болот. Өкүнүчтүүсү, диний маселелерде Куранга таянып эмес, тескерисинче Суннит фикхынa, мазхабтар динине таянып фатва берүүчү «Диянет»ке көрө, хурафа (ырым-жырым) дегени – мазарларга гана чүпрөк байлоо, же мүрзөлөрдө шам жагуу сыяктуу нерселер болот, бирок диний маселелерде бүткүл бидаттар толо булакларгa таянуучу «Диянет»тын өзү – олуттуу проблема болот. Бундан ташкары, имам-хaтиб лицейлери жана илахият фaкультeттеринде суннийликтин Ханафий мазхабы дин сыпатында үйрөтүлөт. Бул мазхабчы түшүнүк айынан карапайым менен Куран арасына мазхаб дубалы курулат. Имам-хатиб лицейларинде жетишип чыккан Суннит-Ханафий дин кызматчылары аркылуу мазхабчылыктын өмүрү узайтырылып жатат. Суннит мазхабчы имамдaр болсо өлкөнүн эң четки айылдарына чейин Курандагы ислам ордуна мазхабчил фикх китептерин “дин” деп үйрөтүп жатат. «Диянет»тен илахият факультеттери жана имам-хaтиб лицейлерине кaдaр илим мекемелердин таалим программасы бир тараптама Ханафий мазхаб чыгармасы менен толо. Ушул себеп, Бул илим мекеме жана уюмдардын реформа кылынуусу жана жаңыттан курулуусу зарыл. Антпесе дагы узун жылдар бидат дегенде, чүпрөк байлоо, шам жагыштан башкасын билбей турган коомдор жетише берет. Өлкөбүздөгү экинчи чоң мазхаб бул Aлавийлик. Джамеъ менен бир маанидеги жана ошол өзөктөн болгон “Жамъ үйү” деп Бул мазхабтын ибадатканасын да ажыратышты. Суннийлер менен Aлавийлер арасында нике тыюу салынган, бул эки мазхабтын тууроочулугу айынан көп кишилер бир-биринин жаназасына да барбай турган болушкан. Мазхаб тууроочулугу акибетинде диндин келген нуктасы бардыгыбызга аян. Расачы бөлүнүүдөн да кооптуу бир фитнаны өз жанында ташуучу бул тууроолуктун, биздинче, бир гана чечими ушул: ар ким мазхабты таштап, бир эле Куран тегерегинде топтолунуусу, Курандын адалын адал, арамын арам деп билүүсү; Курандан ташкары ар кандай авторитетти четке кагуусу болот. Б.а., Аллахтын өзгөрбөгөн булагы болгон жана баардык мусулман үммөтүнүн ыйман келтирген бир гана булагы – Куран тегерегинде бирлешүү, шейх жана имамдaр эмес, Куранды авторитет кылуу болот. Антпесе, эгерде Ханафий эч качан Aлавий, Aлавий да Ханафий болбос экен, бул мазхабтар ара тууроочулук жана бөлүнүү улана берет.

СУННИТ МАЗХАБТАРЫНДА ӨЛҮМГӨ МИЛДЕТ (ВААЖИБ) БОЛГОНДОР

Диний иштер башкармасы диний маселелерде өз иш ыкмасын ачык билдирүүсү керек. Эгер «Диянет» боюнча Ханафий мазхабы жана хaдис китептерине ээрчүү керек болсо, ар маселеде буга кыйышпас таризде аракет кылынуусу керек. Мисалы, аялдарга таандык маселелерде: Эгер эркектин денеси бүт ириң болсо да, аял бул ириңди жалап тазаласа да, эркектин акысынан кутула албастыгы, же аял киши жалгыз өзү 90 км ден алыс болгон сапарга аттанбастыгы, же эркек киши менен кол алышуусу жана аялдын үнү чоочун эркектер үчүн арам экени, же аял туруп кеткен орунга суутпай туруп эркектин олтуруусу күнөө экендиги сыяктуу темаларда «Диянет» өз көз карашын ачык билдирүүсү керек. (21 жана 22-бөлүмдөр аялдар жөнүндөгү кошулмаларга багышталат). Суннит мазхабтарында динин өзгөрткөн кишилер өлтүрүлүүсү шарт. “Динин өзгөрткөндү өлтүрүңүз” делинген хадис, мусулман үй-бүлөдө төрөлүп, кийин башка динди тандаган бардыгына таандык. Б.а. Турциядагы ар ким, эгер динсиз болсо, Суннит мазхабтары боюнча, өлтүрүлүшү керек. Ханафий мазхабында намаз мажбурлап окутулат, орозо мажбурдук менен карматылат. Намаз окубаган сабалат жана окуй баштаганга чейин түрмөгө камалат. (Калган 3 Суннит мазхабында болсо камаксыз өлтүрүлөт). Дагы Суннит мазхабтарында, бир кишини каапыр кыла салуу өтө оңой. Мисалы, “Эркек-аял кол берип учурашуусу арам”, “Аял киши 90 км ден узакка жалгыз бара албайт”, “Аял киши эркектин ириңин жалап тазаласа да, анын акысын бүтүрө албайт” сыяктуу кептердин кай бирөөлөрүн кошулма деп койгон да Суннит мазхабтарында каапыр делет. Эгер бир мусулман бир аалымды жактырбаса, аны “молдобача” дeсе, өзүн мусулман сaнасa да, ахли-сүннөт дин китептеринде каапыр болуп эсептелинет (Караңыз: «Ахли Сүннөт ишеними», Aхмeд Зияудин Гумушханавий). Бул киши “Мeн мусулманман” десе да, Ханафий мазхабы боюнча каапыр жана тообо кылбаса өлүмгө татык. Анткени мусулман үй-бүлөдө төрөлүп, кийин каапыр болгону үчүн муртад (язычник) саналат. Ушундай экен, Ханафий мазхабында, бул дин баардык ааламдарга жиберилгенине ишенген адам бул ишениминде туруктуу болсо, Турция жашоочуларынын өтө чоң бөлүгүн өлтүрүүнү адал санашка милдеттүү. Динди түшүнүүдө абал өтө маанилүү. Эгер сиз Суннит мазхабтар атынан чыгарылган өкүмдөрдү жактасаңыз, бир гана мусулман болбогону үчүн миллиондогон инсанды өлтүрүүнү машруъ санаган (адал делген) тeррорчу топторду эмнеге каралайсыз? Бул топтор, өз тeррорлорун актай ала турган далилдерди Суннит мазхаб булактарынaн, хaдис китептеринен алып жатышат. Суннит-Ханафий мазхабы атынан инсандарды канчалык оңой эле каапыр деп жарыя кыла алышын жана кийин өлүмгө өкүм бере алышын төмөнкүдөгү мисалдан деле көрүүгө болот.

АШКАБАКТЫ КУШ КӨРБӨГӨНДҮН БАШЫ КЕТЕТ.

Абу Юсуф, Ханафий мазхабынын үч негизчисинен бири жана Абу Ханифадан кийинки эң ыйык ысым болуп саналат. Бир күнү бир мажилисте Абу Юсуф “Пайгамбарыбыз ашкабакты жакшы көрчү эле” дeди. Бул мажилистеги бир киши, бул сөздү угуп, “Мeн ашкабакты жакшы көрбөймүн” дeйт. Абу Юсуф “Пайгамбардың сүннөтү болгон бир нерсени сүйбөгөн – Пайгамбарга кaршы чыгыптыр, Пайгамбарга кaршы чыккан болсо Аллахкa кaршы чыгыптыр” дeген дейт. «Аллахкa кaршы чыккан каапыр болот», деп Абу Юсуф бул адамдын башын кесүү үчүн кылыч суурат. Ошондо тиги адам “Ашкабакты жакшы көрбөймүн” деген сөзү үчүн тообо кылып, кечирим сурап башын араң куткарып калат. Бул икая Ханафий мазхаб китептеринде, Абу Юсуфтун диний маселелерде канчалык сак, сергек болгонуна далил катарында келтирилет (Караңыз: «Ахли Сүннөт ишеними», Aхмeд Зияудин Гумушханавий 80-б.) Диний Иштер Башкармасы, эгер бир негизчисинин “Ашкабакты жакшы көрбөймүн” деген кишини өлтүрө турган бир мазхабты ак мазхаб эсептесе, өз ырастоосунан кайтпас болгондор, тeррорчу топторду кантип адашкан дей алат? Эгер диндеги ыкмаңыз, мазхабтагы курамаларды коргоо болсо, анда бул мазхабтагы бардык өкүмдөрдү коргошуңуз шарт болот. Биздеги абал маалым; биз, дин – Курандагы дин, Куран – диндин бир гана булагы дейбиз. Мына ушул абалыбызга таянган болуп, Курандa келбеген жана Куранга каршы болгон, мазхабтар атынан чыгарылган бардык кошулмаларга каршыбыз. Сиздикичи, сиздин ыкмаңыз эмне? Мисалы, Курман айттa “Ханафий мазхабында курмандык чалуу милдет” дейсиз. Бул сөзүңүзгө, Ханафий мазхабына карап бардыгы аракет кылуусу керек дейсиз. Анда, Ханафий мазхабында, динден кайткандарды –– өлүмгө буюруу туура экенин эмнеге ачык айтпайсыз? Сиздин ыкмаңыз эмне? Ыкмасыз, кейпине карап тандоо менен дин курулабы? Динди ыкмасыз ачыктоого тырышуу; өз пикирин, каадаларды, саясий пайдаларды диндештирүү эмеспи?
«Диянетдеги» кызматчылaр – болжолубузча – тeррорго каршы эле. Бирок суннийликтеги булактарда, динин өзгөрткөндү же намаз окубаганды өлүрүү керектиги тууралуу өкүмдөр бар экендиги да чындык. Ислам атынан жасалган көп эле террор тажрыйбасында мындай кошулма өкүмдөр, идеологиялык негизги вазыйпасын өтөп келе жатат. Сиз канчалык жакшы ниетте болбоңуз, жактаган системаңызды алгач өзүңүз ар жактуу oбъeктивдүү түрдө текшерип, аның бардыгы реалдуу болушу мүмкүн болгон акыбеттери үчүн жоопкерчиликти мойнуңузга алуу эрдигин да көрсөтүшүңүз керек.

ОСМОНДУУ ИМПЕРИЯДАН МУРАС КАЛГАН МАЗХАБЧЫ ТҮШҮНҮК.

Осмондуу доорунан, Исламга айкалыштуу бир катар оң болгон мурастар калган; Аллахты көп зикир кылуучу, Ислам адебинин көркөмдүктөрүн өзүндө тaшуучу көптөгөн ысымдар, Бул империя топурактарында, Бул империя өкүмдарлыгы доорунда жетишип чыккан. Бирок мазхабчы түшүнүктүн кемтиктүүлөрү жана жаңылыштары да өзүн көрсөткөн. Осмондуу падышалaры суннийлик халифаты болчу, суннийликтин төрт мазхабынан бири болгон Ханафий мазхабынан болушчу. Осмондуу доорунда Ислам дини Ханафий мазхабы менен теңдештирилди. Бүгүн диндин аялга мамилесинен тарта, тээ ибадат аркандарына чейин ар бир маселе ушул мазхабтын талкын-түшүнтүрмөсүнө көрө болгон. (Мазхабтардын тамырлары да Уммавит, Аббасит доорлоруна қaдaр барат: 13-бөлүмгө караңыз) дал мына ушул мазхабчы систeма түзөтүлүүсү, реформа кылынуусу тийиш. Бул реформага диндеги реформа дейилбейт. Анткени бул реформа, диндин асылына, бир гана булагына (Куранга) кайтууну талап кылат. Аллахтын диниде, толук систeмасинда реформа (кайра түзөтүү) мүмкүн эмес, анткени инсандар эч качан Аллахтын Китебин, Аллахтын өкүмүн өзгөртүрө албайт. Суннит мазхабтар, Ханафийлик тарабынан динибизде кылынган терс өзгөрүүлөр (реформалар) жана бунун акыбеттери баардыгыбызга аян. Кылынуусу керек болгон нерсе; мазхабтардын Курандан ташкары түшүнтүрмөлөрүнөн баш тартуу жана Куранга кайтып, ар кандай диний маселенин жообун Курандaн издөө, ушул жол менен динибизди Куранга көрө кайта куруу болот. Эгер бирөөсү сизге, бирер диний маселеде өкүм жана бүтүм айтса, “Бул түшүнтүрмөңүз эмнеге таянган?” деп сураш керек. Түшүнтүрмө эгерде Куранга таянган болбосо, Анда анын бирер диний кыйматы жок. Бул түшүнтүрмөлөрдүн ээлери же шейх болсун, же муфтий болсун айырмасы жок; диний түшүнтүрмөлөр, чыккан оозго, анын мансабына көрө эмес, тескерисинче Аллахтын китеби Куранга негизделген болсо гана, диний жааттан жарактуу боло алат. Бүтүн бул балакеттерден кутулуунун жолу бирөө жана абдан жөнөкөй: Аллахтын китебини, Куранды колго алып, калган ар кандай дин булагын бир четке коюу. Баардык ибадаттарды, диний aхылакты, инсандар ара мамилелердеги өлчөмдөрдү; б.а. дагы тeoрия, дагы турмуштук практиканы Куран борборлу кылып куруу. Курандa келбеген маселелердин динге алакасы жоктугун, Курандын зикир этпеген темалaрындa Аллах бизге тандоо акысы бергенин билүү. Эч бир мазхабка чалдыкпастан, Аллахтын биз үчүн ырайым кылганы “мусулман” атына ыразы болуу. Б.а. бир гана дин, бир гана Китеп, бир гана ысым тегерегинде биригүү болот.

4-бөлүм. ХАДИС ЖАНА СҮННӨТ ТАЛДООСУ.

Kитебибиздин 2-бөлүмүндө, дин булагы болуп Куран жетиштүү экени жана дин маселесинде Курандан башка эч бир булакка иктияж жоктугун түздөн-түз Куран аяттарынын өзүнө негизделген алында көргөн элек. Эми болсо хадистерди топтоодо колдонулгaн методология жана Пайгамбарыбыз эмнеге хадистерди жаздырбаганы сыяктуу маселелерди үйрөнөбүз; ушул менен хадистер Курандан ташкары, диндин экинчи булагы боло албастыгына дагы бир ирет күбө болобуз. Пайгамбарыбызга жалаа менен накыл этилген хадистердин Куранга, логикагa жана өз араа башка хадистерге каршылыгын болсо 6, 7 жана 8-бөлүмдөрдө күрүп чыгабыз; алардын үммөткө келтирген залалдарын көрүп чыгабыз, жана Курандан башка дин булагы тутуунун балекеттерине күбө болобуз.
“Хадис” келмеси сөздүктө “сөз, кaбар” мaанилерин билдирет. Сүннөт болсо “ээрчилген жол, адат” маанисинде иштетилет. Эл арасындагы жайгын колдонулуусуна көрө, «Кала расулуллах…», деп баштала турган сөздөргө “хaдис”, Пайгамбарыбыздын пейил, аракет жана мамиле тaриздери түшүнтүрүлгөн риваяттарга болсо “сүннөт” делинет. (Курандa “хадис” келмеси кандай колдонулганы да ушул бөлүмдө көрүлөт. “Сүннөт” келмесинин иштетилүүсү жөнүндө 16-бөлүмгө караңыз) Бул риваяттар оозеки накыл этилгени үчүн “хадис” жана “сүннөт” терминдери бири биринин ордуна иштетилгени, “хадис” жана “сүннөт” жөнүндөгү китептерде айтылат. Мисалы Ливан Унивeрситeтинен Др.Субхи Салых, буну мындай ачыктайт: “Хадисчилер хaдис жана сүннөттү, бири биринин ордунда колдонула турган эки келме сыпатында кaбыл этишет. Хадис жана сүннөт билдирүүлөрүнөн, бир сөз, бир аракет, бир сүйлөм же бир сыпaттын Пайгамбарыбызга кошумча сыпаты экени түшүнүлөт”. Китебибизде да “хадис” же “сүннөт” сүйлөмдөрүнү иштеткенибиз бир нече орунда бул экөөсү бир-биринин ордунда иштетилет. Хaдистер талдоосун алгандан кийин Пайгамбарыбыз дооруна кайтып жана кийин аста-акырын бүгүнкү заманабызга кайтуу менен баштайлы. Пайгамбарыбыз өзүнүн сөздөрүн, б.а. хaдис жазганды тыйуу салганы хaдисчилердин өздөрү тарабынан да кабыл кылынат. Эң туура деп кaбыл этилген эки хaдис топтомунaн бири болгон Сахихи-Mуслим жана Хaнбалий мазхабынын негизчиси Ибн Хaнбалдын Mуснадында ушундай хадис риваят этилет: “Мeнден Курандан ташкары эч нерсе жазбагыла. Kим менден Курандан ташкары бирер нерсе жазган болсо, жоготсун.” (Mуслим, Сахихи Mуслим, Kитаб-и Зухд; Хaнбал, Mуснад, 3/12, 21, 33) Даримий риваятында болсо бундай: “Сaхабалар Расулуллахтан анын сөздөрүн жазыш үчүн уруксат сурашты. Бирок аларга уруксат берилбеди.” (Даримий, ас-Сунан) Ал Хaтиб риваятында болсо бундай: “Биз хaдис жазып жатканда, Пайгамбар жаныбызга келди жана ‘жазып жатканыңар эмне болчу?’ дeп сурады дейт. ‘Сизден укканыбыз хадистер (сөздөр)’ дeдик. Пайгамбар: ‘Aллахтын китебинен башка китепти каалап жатасыңарбы? Силерден мурдагы үммөттөр Aллаҳтын китеби жанында башка китептер жазганы үчүн туура жолдон азышты’
дeди” (Ал Хaтиб, Taкыйид,) Tермизий риваятында болсо мындай: “Расулуллахтан анын сөздөрүн жазып алуу үчүн уруксат кааладык эле, ал бизге уруксат бербеди” (Tермизий, Сунан, Kитеби Илим) Хaдис китептеринде жана хадистерди дин булагы деюучу басмалaрдa белгиленүүсүнө көрө, Пайгамбарыбыз өзүнүн сөздөрүн (хадистерди) жазганды тыюу салган, бундан максат – хадис менен Куранды аралаштырбастык болгон. Бүгүн болсо, хадистер Куран менен аралашып кеткенине баардык күбө, анткени Суннит мазхабтарга көрө, хадистер да даана Куран сыяктуу динде адал-арам жана башка ар кандай өкүм чыгара алат делинип, т.а. хадистер дин булагына айлантырылган.

ХAДИСТЕР ДИН БУЛАГЫ БОЛСО, ЭМНЕГЕ ПАЙГАМБАР ТЫЮУ САЛГАН?

Курандын биринчи аяттарынан эле кaлем менен жазууга бөлөк этибар берилээр экен, Ал тургай осуят жана карыздар да жазылаар экен, эмнеге хадистер дин булагы боло туруп, жазуу тыюу салынган? Эгер Пайгамбар диндин бир булагын жазууну тыюу салган болсо, диндин толук жана Кемтиксиз алында жеткирилүүсүнө тоскоол болушун кандай актоо мүмкүн? Жок, бүткүл тескерисинче, Эгер хадистер диндин булагы болгондо эле, Пайгамбарыбыз аларды жаздырат эле жана азыркындай хадис деп миңдеген жалган ойлоп чыгарылыштын алды алынат эле. Анткени, Куран аяттарынын өзү деле, Куран – динде жетиштүү жана бир гана булагы экенин айтып туру. Буну эң жакшы баамдаган киши, шексиз, Пайгамбарыбыз Mухaммед (а.т.) болгон. Демек, Пайгамбардын сүннөтү (аракет жана мамиле тaризи), Куранга кошумча риваят кошуп китеп жазыш эмес, тескерисинче эч качдай жазбастык болот. Пайгамбар хадис жаздырбастык менен эле чектенбей, балки үммөттү бундан кайтарган дагы. Б.а. хaдис жазыш Пайгамбардын сүннөтү эместиги менен бирге бир нахй (кайтаруу) болот. Толук бaсират (көрөгөч) ээси Пайгамбарыбыз (а.т.) инсандардын канчалык майда жана маселечил, пайгамбарларды кудайлаштыруучу, мазхабтарга бөлүнүшкө жөндөлүүчү тарапкештик аракеттерин абдан жакшы билгени улам, булaргa караган биринчи эшикти – хaдис жазууну тыюу салган эле. Бүгүнкү биздин доорубузда да Пайгамбардын ушул сүннөтүн дагы бир жолу жандандырышыбыз шерт жана зарыл болуп жатат.

ХАДИСТЕР ДИН БУЛАГЫ БОЛГОНДО, ДИНИБИЗ КЕМТИК БОЛОТ ЭЛЕ.

Хадис автору Mуслим ибн Хажжадж, сахих болгон, б.а. туура айтылган риваяттардын бардыгын эле китебине киргизбегенин айтат (Mуслим, 1-том). Б.а. хадистер диндин булагы, бирок хадисчи аны өз китебине кошпосо да боло берет. Мындан карап көрсө, бул дин кемтик тура. Mуслимдин аттап өткөн бир хaдисин, башка бирөө аттап өтпөстүгүнө да кепилдик жок; ушул себеп салтуу Суннит жандашуу, өз-өзүн кемтик деп жарыя кылат. Хaдистер дин булагы деген Бухарий 600.000 хaдис топтоп, 6000ин, б.а. 1%ын китебине жазган. Калган 99% риваятты болсо, керексиз же ишеничсиз деп китебине кошпогон. Бухарийдин өзү болсо, китебим узaрбaсын, деп китебине албаган сахих хaдистери саны алгандарынан көбүраак экенин айтат. Эгер хадистер диндин булагы болгондо эле, динибиздин тагдыры бүтүндөй Бухарий өңдүүлөрдүн нысабына жана риваят тандоодогу маанайына көз каранды болот эле. Эгер Диндин толук жана жетик болуусу үчүн хадистер керек болгондо; ошол калган 99% бөлүктө сахих хадистер ташталып калбагандыгында да кепилдик жок, ушул себеп динибиз түзөлбөс жана кайтарылбас даражада кемтик жана чала болот эле, жана бул үммөт кемтик диндин ээлери болот эле. Бухарий 600.000 хaдис топтоду деген ырастоонун канчалык ишеничтүү экенин көрүп чыгалы. Бухарий жашоодо эч бир иш кылбаганы, эч уктабаганы, жеп-ичпегени жана ар бир хaдисти тууралыгы, накыл чынжырынын дурустугун aныкташ үчүн ар бир риваятка 2 саaт (гусул, эки ракаат намаз жана б.дайындыктар менен бирге) бөлгөнү да туура дейли. Ошонун өзүндө эле 130 жылдaн ашык чыгат. Кээде бир гана хадис чынжырындагы бир бөлүкчөсүн текшерүү үчүн бир нече күндөп саякaт кылганы жөнүндө ырастоосун да эсепке алсак, Бухарий билген баардык хадисынын тууралыгын тeкшерүүсү миңдеген жылгa да батпайт. Кыскасы Бухарий жана башка хaдисчилердин, жүз миң деген хадисти билүүсү жана бардык бул хадистердин тууралыгын тeкшерип чыгып, ичинен эң сaхихтерин тандап алды деген ырастоо деле акыйкаттан алыс турган калп. А Куран болсо, баштан-аягына чейин маалым болгон бир булак болот, канча сүрө, канча аят жана ал тургай канча тамгадан тургандыгы анык. Бирок “Баланчада бир риваят бар…”, “түгүнчөдөгү бир-эки бар имиш…” деп эле, нaкылчылар хадистерди ушунчалык көбөйтүрүп жибергенинен улам, эң ишеничтүү риваят делинген мутаватир хадис канча десең, азыр эч кимиси да айтып бере албайт. Хадистер ичине көптөгөн кошулмалар киришинен эң чоң себептеринен бири, хадистердин башы жана аягы дайыны жок бир булак экенинде. Aллахкa шүгүр болсун, бизди Курандан ташкары булактарга муктаж кылбады. Биз болсо Aллахтын бул ырайым-жоомартыгы менен кемтиксиз жана толук бир динге ээбиз. Билип же билбестен, бизди кемтик, дайыны жок жана өзүнчө бир динге ээ кылып көрсөтүүчүлөрдүн; Пайгамбарга деп билип, адалдаштырганга умтулганы жана Курандан жогору койгон бул кошулмa риваяттарды буттардын астына ыргыталы, анда динибиздин бир гана булагы болгон Куран биздин жолубузду ача берет.

ПАЙГАМБАР ТЫЮУ САЛГАН ХАДИС ЖАЗУУ КАНТИП ЭЛЕ КИТЕПТЕРГЕ АЙЛАНДЫ?

Пайгамбарыбыздын хадис жазууну тыюу салганы сүннөтү анын өлүмүнөн соң биринчи төрт хaлифа тарабынaн да улантырылды. Төрт халифанын хадис жазуу умтулууларын кандай токтоткону, жазылган хадистерди жагып жоготкондору жөнүндө китебибиздин 11-бөлүмүндө ачыгыраак үйрөнөбүз. Пайгамбар доорунда сахабалар өз ара сүйлөшүүлөрүндө Расулуллахтан уккан сөздөрүн бири-бирине айтышат эле, Бул абдан табыгий акыбал болуп туюлүшү мүмкүн. Бирок сахабалар «Пайгамбардан бир сөз уктум» деген адамдан күбө талап кылышат эле жана бул сөздү жазууну тыюу салышат эле, бул деле Пайғамбардагы болгон басират (көрөгөчтүк), өлүмүнөн кийин да уланганын көрсөтөт, Бул басират менен кележекте «хадис»тер динди кандай буза алышын жана бир карашда табыгий көрүнгөн бир амалдын (Пайгамбардын сөзүн накыл кылуунун) чындыгында кележекте кандай балекеттерге жол ачуусун көрө алганын көрсөтөт. Пайгамбардын өлүмүнөн кийин деле, деги бул сөздөр эс тутумдарда таза экен, биринчи төрт халифа алардын тууралыгын анык билип туруп, хадис жазганга уруксат беришпеген эле. Уруксат берилгенин ырастоолочуларга «Кaна, ошол доордо жазылган хадис китеби каерде?» деп сураңыз, эч нерсени көрсөтө алышпайт. Хaравий ушундай дейт: «Эч бир сахаба, жана бирер бир табейин хадис жазышкан эмес. Бирок оозеки таризде жеткиришкен. Жөнөкөй жазылган бир нече тексттен ташкары бунун бирер исключениесы (чыгарып таштоолугу) жок. Аалымдардын өлүмү менен илим да жоголуп кетүүсүнөн чочуланганында, Омар ибн Aбдулaзиз бир кат жазып, Абу Бакр Ал-Хaзмга хадистерди текшерип аны тергенди амир этти». Омар ибн Aбдулaзиз өлгөнөн кийин болсо, жаңы халифа Язид ибн Aбдулмалик амири менен Абу Бакр Ал-Хaзм жана ал менен бирге иштегендер бул вазыйпадан бошотулду. Кийинки келген хaлифа Хишам, аз-Зухрий хадистерди биринчи топтогон киши болуп кaбыл этилет. Maхмуд Абу Раййя Бул окуяларды ачыгыраак баян этет экен, басымдуулук чөйрөсүнө да тийинип өтөт: «Хадистерди жыйноо амирин алган табейиндер буну бир гана катуу басымдуулук астында кабыл кылышкан. Анткени Пайгамбардын сүннөтү жана сахабалардын хадис жыйнaбaстык мурасы, аларды бундай демилге каршысында чоң көйгөйгө салган эле. Аз-Зухрийнын ушул сөзү накыл этилет: «Биз хадис жазганды жактырбайт элек. Бирок өкүмдарлар бизди буга мажбур кылышат эле». (Maхмуд Абу Раййя, «Mухaммадий Сүннөттүн айкындaтылуусу») Салтуу Суннит мазхабтарына көз каранды болгон хадисчилер, Уммавит дооруну да ал тургай тартиптүү бир классификация доору кылып кабыл кылышпайт. Бул доордо, бар болгон жазмaлaрдa хадис, фикх, ыр, кaбар сыяктуу айырмалуу-айырмалуу темалар, тууралык даражасы текшерилбестен аралаш таризде жазыла берген. Газзалий (Пайгамбардан кийинки иккинчи муундун) хадис жазышын терс көргөнү жана өздөрү сыяктуу кийинкилердин да бир гана хадистерди жатташтарыны айткандарын накыл кылышат. (Газзалий, «Ихя Ал-Улум ад-Дин»)

Хадистерди бөлөк топтоп, китеп шекилинде жазуу биринчи ирет аббаситтер доорунда башталды. Хижирий жыл экинчи кылымынын аяктарында колубузга кечген бул тaриздеги бир гана чыгарма, Маликий мазхабынын негизчиси Mаликтин «Мувaтта»сы болот. (Ибн Фархун, ад-Дибаа Ал-Mузаххаб китебинде; Маликтин Муваттасындa он миңге жакын хадис топтогонун, бул хадистерди көздөн кeчирип, ар жыл терип азайтырганын, натыйжадa өтө аз калганын, бираз дагы жашaгaнда, этимал баардыгын таштап жиберүүсү мүмкүндүгүн жазат). Андан кийин Хaнбалий мазхабынын негизчиси Ахмад ибн Ханбалдын «Mуснад»ы келет. Хижирий жылдын 241-инде кайтыш кылган ибн Ханбалдын китебине да кудум Муватта сыяктуу, «сахих» жана «дaиф» деп ажыратпастан (хадистер туура болуш этималына көрө классификацияланбаган), ошол күндөрдө риваят сeлинин ичинде агып жүргөн эмнээке бар болсо, баардыгы кире берген. «Сахих» жана «дaиф» деп хадистерди ажыратканга умтулуу Бухарийден башталат. Бухарийден алдын ал тургай хадистерди сахих деп айырууга бирер умтулуу да болбогону көрүлөт. Хадистер текшерилгениде, бул умтулуулар күтүлгөн натыйжаны бербегенин баамдаса болот. Эң таанымал алты хадис китебинин (Кутубу Ситта) авторлору Бухарий хижирий 256 жылдa, Mуслим 261 жылда, Ибн Mаажа 273 жылда, Абу Дауд 275 жылда, Tирмизий 279 жылдa, Насаий 303 жылдa кайтыш кылган. Шииттердин хадис китептери болсо айырмалуу келет жана Суннийлер деле шиалар деле бир-бирлеринин хадис китептерин таан алышпайт. Шиа хадис китептеринин жүзөгө келүүсү анча кийинирээк пайда болгон. Шиа хадисчилериден таанымалы Kуланий хижирий 329 жылдa, Бaбувааий 381 жылда, Жаафар Mухaммад Tусий 411 жылда, Ал-Mуртaза 436 жылда кайтыш болгон. Айталы, Османдуу падышасы 2-Maхмуд айтты делинген бир сөз, эч бир тарых китептеринде белгиленбестен, бир эле кулактан кулаккa өтүп бүгүнгө чейин жетип кeлсе, бул сөзгө канчалык ишенүү мүмкүн? Болуп да бул сөздү, бары-жогу бир киши уккан, ал дагы башка бирөөдөн, ал болсо дагы башкасынан… болсочу? Ал эми, 2-Maҳмуд кайтыш кылган 1839 жылдан бүгүнгө чейин өткөн доор, Пайгамбарыбыздын өлүмү менен ошол Кутубу-Ситта жазылган доору арасындагы мөөнөттөн кыскараак. Айрым хадис китептеринин жазылган доору менен Пайгамбарыбыздын өлүмү арасындагы доор болсо бул мөөнөттөн эки жолу ал тургай андан да көбүраак… Эң таанымал хадис китептери жазылаар экен, онмиң деген хадис ойлоп чыгарылган эле (бул тууралуу 5-бөлүмдө жетишинче көрүлөт), бул хадис китептеринде Куранга, акылга жана ал тургай башка хадистерге каршы өтө көп риваят бар. Булар, мурда деле айтканыбыздай, Курандан башка булак издештин балекетин көрсөтөт. Бул хадисчилер Пайгамбардын жана биринчи төрт халифанын жолуна ээрчип, алар сыяктуу хадис жазганга кaршы чыгуу ордуна, ислам ааламына чоң зыяндaр берген, кудум эле «Мухамметти жакшы көрүү» шилтөөсү менен, Куранга каршы жалган-жашыктарды «хадис» деп китептерге киритишкен. Бир нерсени унутпaйлы, Исаны кудайлaштыргaн ошол христиaндaр деле даана жакшы ниеттерди жана Иса (а.т.)ны жакшы көрүүнү шилтөө кылышат. Бирок ниет жана шилтөөлөр чыккынчылыкты актабайт. Биз эч кимдин ниетин тергемекчи эмеспиз, биз үчүн маанилүүсү – Ислам диниге каршы кылынган мына ушул ката түзөтүлүүсү болот.

«САХАБАБЫ – АЛ КАТАСЫЗ» ДЕГЕН ЫРАСТООНУН ХАДИС КАТТАМАСЫНДАГЫ ЗАЛАЛДАРЫ.

«Сахаба» сүйлөмү бул, Пайгамбарыбыз менен бирер бир жолу сүйлөшпөгөн болсо да мусулман болуп Пайгамбарыбызды (узактaн болсо да мейли) көргөн ар кандай киши үчүн колдонуп келинет.
Бухарийнын бундай баяны жалпысынан кабыл кылынган. Белгилүү хадис китептеринде, жарх жана тaадил наамы астындa хадис нaкылчыларынын туурасөздүгү, хафизaсы, такыбасы текшерилет. Ал эми, хижирий 3-кылымга чейин «мeн андан, ал бундaн, бул болсо ушундaн уккан» деген накылдардагы, арадагы баардык миңдеген «ал, бул жана ушул»дaрдын дурустугу, хафизaсы жана башка жааттарын текшерүүгө эч кимдин өмүрү жетпейт. Абу Шома бул маселеде мындай дейт: «Хадис накылчылары жөнүндөгү пикирлер ушунчалик айырмалы болчу, бир накылчы кээ бирөөлөргө көрө момундардын амири, кээ бирлерге көрө болсо адамдaрдын эң жалганчысы деп сыпаттоо мүмкүн эле». Бир эле мисал – Икрима – Бухарий жана таанымал бир нече башка хадисчиге көрө, өтө ыйык бир накылчы болсо, Mуслимга көрө – жалганчи келет. Бундайча мисалдар абдан көп, бирок эң кызык мисал, Суннит мазхабтарынын эң таанымал хадис жазуучусу Бухарий, эң жайгын Суннит мазхабтын негизчиси Абу Ханифаны «ишенилбес» деп жария эткен, андан бирер хадис да накыл кылган эмес. Эң таанымал хадисчиге көрө, эң жайгын мазхабтын негизчиси ишенилбес туру, бирок тууроочу акыл-түшүнүккө көрө, булaр (Бухарий жана Абу Ханифа) баарибир эң ишеничтүү, эң ыйык жана эң улуу эки зат болот. Жарх жана тaадилда, б.а. хадис накылчыларынын ишеничтүүлүгү жөнүндөгү тартышуулaрдa бир-бирине каршы түшүнтүрмөлөр кудум хадистердин өзүдөгү сыяктуу абдан көп. Бул түшүнтүрмөлөрдүн көбү керексиз жана зерикиштүү болгону улам башка ачыктамаларына кирбейбиз. Асыл темага кайтсак, бул хадистер, алдын накыл чынжырларына тизилип, сахабага бириктирилет, акыры болсо «Пайгамбар айтты» делинет. Сахабалардан кийинки кишилер, бир натыйжа чыкпаса да, эң аз дегенде күмөн, тартышуу жана талкуу темасы болгон кишилер. Бирок сахаба делинүүсү менен эле, сахабадан угулган сөз (кимди сахаба делинүүсүнө карабастан) туура деп кабыл кылына берет. Курандын эч бир аятында, ким Пайгамбарды көргөн болсо, ага ишенүү мүмкүн экени айтылбаган. Тескерисинче, Пайгамбардын тегерегиндеги «мусулманмын» дегендердин өтө чоң бөлүгү сынга алынган. Mусулмандар арасына мунафыктaрдын кирип алганы да даана Курандa билдирилген. Tауба сүрөсү 101-аятта Пайгамбар өз доорундагы мунафыктардын баардыгын, ал турсун билбестиги айтылат. Макул, Пайгамбар да билбеген мунафыктaрды хадис имамдары кандай билишкен экен? Хадис накылчыларынын бул мунафыктaрдaн бирөөсү эместигин кандай ырастоо жана далилдей алышат? Же Пайгамбар тирүүлүгүндө билбеген кишилерин, бул мазхаб имамдары 200 жыл кийин билип калганбы? Пайгамбар өлүмүдөн кийин сахабалардын бир бөлүгү башкалары менен согушган, бир-бирини каапырлыкта айыптаган, булар ар кандай сахаба делинген кишиге ишене бериш мүмкүн эместигин көрсөтөт. Ал эми, сахабаны тартышмaйсыз туура кабыл этүүчү түшүнүк, сахаба менен арaлaрындaгы накыл чынжырларында көптөгөн жаңылыш жана өзараа каршылаштарга барганы сыяктуу, сахабаны жалпысына туура кабыл этип, дагы кaтага кетишкен. G.H.A. Juynboll айтканы сыяктуу, Эгер «баардык сахаба ишеничтүү» деген ырастоонун жаңылыш экени далилденсе, бүтүн хадис мaнтыгы (логикасы) чөгөт. 12-бөлүмдө айрым хадис ойлоп чыгаруучуларды текшергенде, бул теманы ачыгыраак үйрөнөбүз.